Айбат » Каптагаев Кара-Колдун жаңы конуштарын жарык менен камсыздоого убада берди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Каптагаев Кара-Колдун жаңы конуштарын жарык менен камсыздоого убада берди

каптагаевӨкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев Кара-Кол шаарындагы жаңы конуштарды электр менен камсыздоого убада берди. Бул тууралуу өкмөттүн өкүлү Каракол шаарынын аэропорт аймагындагы жаңы конуштун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.

Каптагаев сөзүн кыш түшкөнгө чейин аткарууга ниеттенип атат. Ал керектүү чара көрүү үчүн тийиштүү аткаминерлерге жана Караколдун мэрине тапшырма берди.

Аталган жаңы конуштун тургундарын электр энергиясы менен камсыздоо үчүн электр зымдарын тартып келип, көмөк чордондорду орнотуу зарыл. Аталган иштерди аткаруу үчүн 1 млн 250 миң сом керек. Аталган сумма Каракол шаарынын бюджетинен каралат.

Жаңы конушта азыр 20 үй-бүлө жашап атат. Дагы жаңы үйлөр салынууда.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru