Айбат » «Ата Мекен» менен «Ата Журт» биригеби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » «Ата Мекен» менен «Ата Журт» биригеби?

мекен-журт

Таластагы «атажуртчу» депутаттардын жыйналышында кыйла кызыктар орун алганы белгилүү. Бул тууралуу «Алиби» гезити 9-июлда чыккан санында жазды.

«Анан дагы кызыгы, жыйынга катышып бүткөндөн кийин Камчыбек Ташиев баштаган депутаттарды кадимки Болот Шерниязов өзүнүн Манас районунун Пушкин айылындагы үйүндө коноктоп, ак чепкенден жаап, ак калпактан кийгизип, көңүлүн алыптыр. Муну уккан Таластын эли ар башка жоромолдошууда», – дейт гезит.

Гезиттин айтымында, ошондой эле саясатчылардын арасында «Учурда бийлик мародерлорго каршы согушту кайрадан жарыялаганына байланыштуу Өмүрбек Текебаев, Болот Шер баштаган «атамекенчилер» оппозицияга ыкташып, эртең бийлик куугунтукту баштачу болсо, анда эле «ата-журтчулар» менен биригип айбалтасын сунуп чуркайт» деген божомол бар.

«Бу саясатчыларыңа түшүнүп болбойт. Бүгүн бул жээкте, эртең тигил жээкте, деп кошумчалайт гезит.

Булак : «Алиби»


Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru