Айбат » Сатыбалдиев: “Кумтөр” долбоорунун эки оператору сентябрда биригет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Сатыбалдиев: “Кумтөр” долбоорунун эки оператору сентябрда биригет

сатыбалдиев“Кумтөр” долбоорунун эки оператор-компаниясы “Кумтор оперейтинг компани” менен “Кумтор голд компани” быйыл сентябрда биригет. Бул тууралуу “Эркин-Тоо” редакциясында эл менен түз байланышта сүйлөшүү маалында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

“Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясы менен “Кумтөр” долбоору боюнча сүйлөшүү план боюнча жүрүп жатат. Өзүңүздөр билгендей биз каржылык жана юридикалык консультанттары жалдадык, алар биздин компаниядагы активдерибизди эсептеп жатат. Юристтер долбоор башталгандан берки баардык нюанстарды иликтеп жатат. Каржы консультанттары “Кумтөр” долбоору боюнча окуялардын өнүгүшүнүн 13 вариантын сунуш кылышты. Биз төртөөнү тандап алдык”,- деп кошумчалады Сатыбалдиев



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru