Айбат » Айыл чарба министрлиги жергиликтүү буудайдын сапаты жакшырганын белгилейт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Айыл чарба министрлиги жергиликтүү буудайдын сапаты жакшырганын белгилейт

p-0001_100516“Быйыл Кыргызстандын дыйкан жана фермер чарбаларында өстүрүлгөн дандын жабышкактыгы өткөн жылдагыдан жогору”,- деп билдирди Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин буудайдын экспертизасы борборунун директору Артыкбай Хамитов дандын сапатын текшерүү боюнча алдын ала маалыматка таянып.

Анын айтымында, быйыл дыйкандар буудайын эгерде ал стандарттын талаптарына жооп берсе Мамлекеттик материалдык резерв жана “Агропродкорпорация” ачык акционердик коомуна (ААК) сатып өткөрө алат.

“Буудайдын сапатын текшерүү менен аны сактап жана кайра иштете турган ишкана иш алып барат”,- деп түшүндүрдү Хамитов.

Ал 28-июнда кабыл алынган өкмөттүн токтомуна ылайык, айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн мамлекеттик резервге бюджеттик каражаттын эсебинен ушул жылы өстүрүлгөн 20 миң тонна азык-түлүк буудайын сатып алуу пландалганын айтты. Дагы 5 миң тоннага жакын буудайды “Агропродкорпорация” ААКы сатып алат. Сатып алуудагы башкы талап – буудай III класска жооп бериш керек, башкача айтканда клейковинасы 21 пайыз болууга тийиш.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru