Айбат » Жантөрө Сатыбалдиев: “Көк-Сайдагы 2600 гектар жерди сатып жиберишти деп айтуу туура эмес, ал Казакстанга 2008-жылкы келишим боюнча өткөрүлүп берилген”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жантөрө Сатыбалдиев: “Көк-Сайдагы 2600 гектар жерди сатып жиберишти деп айтуу туура эмес, ал Казакстанга 2008-жылкы келишим боюнча өткөрүлүп берилген”

сатыбалдиевБүгүн, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев эл менен “түз байланышка” чыгып, анда Бишкек шаарынын жана өлкөнүн башка аймактарынан жашоочуларынын бир топ суроолоруна телефон аркылуу жооп берилди.

Баткен облусунда жарык көрүүчү кыргыз гезитинин редактору өкмөт башчыга “Баткенге кичи басмакана ачуу” сунушу менен кайрылды. Редактордун айтымында, Баткен аймагында кыргыз телекөрсөтүүсүнүн тартышы кыйын, ага караганда 3-4 өзбек каналы жакшы көрсөтөт. Телекөрсөтүү сыяктуу эле, жергиликтүү элтажик, өзбек тилиндеги гезиттерди окуганга аргасыз, айрым айылдарга кыргыз тилдүү гезиттер кечигип жетет, же таптакыр жетпей калат. Ошондуктан кичи басмакананы ачуу менен жергиликтүү элди кыргыз тилиндеги гезиттер менен камсыздоого болот. Басмакананын курулушуна өкмөт 6 млн сом которушу керек.

Ал эми Кара-Буура районунан байланышка чыккан айым “Көк-Сай айылындагы 2600 гектар жердин суугат каналы менен бирге Казакстанга сатылып кеткенин” айтып, аны чечип берүүсүн өкмөт башчыдан өтүндү. Ж. Сатыбалдиев: “Бул маселени бир-эки күндө чечип коюу мүмкүн эмес. Так ушул маселе боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов жеринде иштеп атат. Аны менен жолугушуп, сурооңуздарга жооп алсаңыздар болот. Бирок, жер сатылып кетти деп айтуу туура эмес. Чек ара тилкеси комиссия аркылуу аныкталат. Сиз айтып аткан жер тилкеси Казакстанга 2008-жылкы келишимдин негизинде өткөн”, – деди.

Кыргызстан элин учурдагы билим берүү мекемелеринин абалы да түйшүккө салаары белгилүү болду. Бул боюнча премьер-министр быйылкы жылы 63 мектеп пайдаланууга берилерин билдирди. “Бул мектептердин курулуш иштери аяктап, пайдаланууга берилгенден кийин калган мектептерди оңдоп-түздөп, же куруп баштайбыз. Кийинки жылы да ушундай аракеттерди көрөбүз”, – деди ал.

“Түз байланышта” 2012-жылдын катуу суук менен келген кышы да эске салынды. Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, быйылкы кышта электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурабайт. Бирок ишканалар менен көңүл ачуучу жайларды электр энергиясы менен камсыздоого чек киргизилиши мүмкүн. “Биз үчүн эң башкы нерсе элди электр жарыгы менен үзгүлтүксүз камсыздоо”, – деп билдирди премьер-министр.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru