Айбат » ЖК жигердүү иштедиби, же?..

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » ЖК жигердүү иштедиби, же?..

жээнбековӨткөн жумада Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков парламенттин 5-сессиясынын иш жыйынтыгы тууралуу журналисттерге маалымат-жыйын өткөрүп, парламенттин ишинин жыйынтыктары тууралуу айтып берди.

Урунттуу окуялар менен коштолду

“V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин V сессиясы 2012-жылдын сентябрь айында жаңы коалициялык парламенттик көпчүлүктү жана өкмөттү түзүү менен башталып, бир топ урунттуу окуялар менен коштолду. V сессияда (2012-жылдын 1-сентябрынан 2013-жылдын 27-июнуна чейин) Жогорку Кеңештин 76 жыйыны өткөрүлдү, анда 355 мыйзам долбоору каралып, 253ү кабыл алынды. Кабыл алынган мыйзамдардын 42,9 пайызы депутаттар тарабынан, 56,1 пайызы өкмөт тарабынан демилгеленген”,- деди төрага. А.Жээнбеков парламентте маанилүү тармактар боюнча бир катар мыйзамдар кабыл алынгандыгын, кыргыз парламенти эл аралык кызматташтык чөйрөсүндө, маданият жана социалдык-экономикалык тармактарда жигердүүлүгүн көрсөткөнүн белгиледи.
Төрага 2012-жылдан 2013-жылдын июнь айына чейин Кыргызстан Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясында (ТүркПА) төрагалык кылышынын маанисине токтолду. Анын айтымында, кыргыз тарап бир топ жаңылыктарды камтыган демилгелерди киргизди. Алар ТүркПАнын жакынкы иш-пландарында чагылдырылмакчы. Жогорку Кеңештин эл аралык кызматташтыгы Жакынкы Чыгыш, КМШ, Азия, АКШ жана Батыш Европа багытында өнүктү.

А.Жээнбеков Жогорку Кеңештин ишин сапаттык жактан көтөрүү багытында жүргүзүлгөн реформаларга, анын ичинде, парламенттин аппаратына кадр тандоо ачык конкурстук негизде жүргүзүлгөндүгүн, ички электрондук документ жүгүртүү киргизилгендигин, шайлоочулар менен он-лайн режиминде байланышууга мүмкүнчүлүк бере турган видеоконференция тутуму орнотулгандыгын белгиледи.
Жогорку Кеңештин “Парламент” радиосунун уктуруу аймагы кеңейтилип, анын берүүлөрү өлкөнүн бардык облустарында уктурула баштады. Натыйжада, мурда радиону Чүй жана Бишкек гана угуп келсе, азыр башка облус борборлорунун жана аларга жанаша жайгашкан айылдардын тургундары да угууда. Белгилей кетчү жагдай, 2006-жылдан бери иштеп келаткан парламенттик радионун уктуруу аймагын кеңейтүү тууралуу маселени Жогорку Кеңештин 3-4-чакырылыштагы депутаттары да көтөрүп келишкен. Бирок, бул маселени Жогорку Кеңештин 5-чакырылышы чече алды.

“Кесипкөй акыйкатчы тандалат деп ишенем”

Жыйындын жүрүшүндө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Төрага Акыйкатчы Турсунбек Акунду кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна карата Т.Акундун доо арызын район аралык сот четке каккандыгын айтты. “Жогорку Кеңеш КР Акыйкатчысы кызмат ордуна талапкерлер боюнча сунуштамаларды кабыл алуу жүрүмү башталганын жарыялады. 2013-жылдын сентябрында парламент сунушталган талапкерлерди кароого киришет. Жогорку квалификациялуу, кесипкөй акыйкатчы тандалат деп ишенем”,- деди ал.

“Кыргызстан Бакиевдердин экстрадициясын талап кылганга укуктуу”

“Биз Бакиевдерди Белоруссиядан Кыргызстанга экстрадициялоо талабын койгонго укуктуубуз”,-деди Асылбек Жээнбеков ушул багыттагы суроого жооп берип жатып. Төрага билдиргендей, ал Бакиевдерди экстрадициялоо маселесин БУУнун 66-отурумунда көтөргөн. “Белоруссияга жана Бакиевдердин үй-бүлө мүчөлөрү жашаган бир катар өлкөлөргө көп жолу суроо-талаптарды жөнөттүк. Бакиевдерди экстрадициялоого жардам берүүсү үчүн Белоруссиянын парламентинин төрагасына кат жолдогом”, – деди төрага. Ал белгилегендей, соттун чечими бар, ага ылайык, жарандыгына карабастан Кыргызстан алардын экстрадициясын талап кылганга укуктуу, анткени Бакиевдердин үй-бүлөсү алар Кыргызстандын жараны болуп турганда кылмыш кылышты.

“Ар бир айтылган сөз үчүн жооп бериш керек”

“Тышкы иштер министрлиги Орусияга мамлекеттик думанын депутаты Владимир Жириновскийди “нон грат персонасы” деп жарыялоо тууралуу нотасын жөнөттү”,-деп жооп берди А.Жээнбеков ушул жагдайдагы суроого. Анын айтымында, мындай чечим парламент тарабынан В.Жириновскийдин билдирүүсүнө жана анын жүрүм-турумуна карата кабыл алынган. “Ал өзүн кандай көрсөтүп, эмне тууралуу айтып жатканын билебиз. Анын айткандары Кыргызстандын ар бир жаранына катуу тийиши мүмкүн. Ал катардагы адам эмес да, ал фракция лидери, депутат. Ошондуктан Жогорку Кеңеш ушундай өңүттө өзүнүн мамилесин көрсөттү. Ар бир айтылган сөз үчүн жооп бериш керек”, – деп белгиледи төрага.

“Мен бардыгына үлгү болууга аракеттенем”

“Оппозиция мени сындап жатканына кубанам, демек, мен жакшы иштеп жатам”,- деди Асылбек Жээнбеков ушул багыттагы суроого жооп берип жатып. “Мени шайлаган өзүмдүн кесиптештерим мени сындап жатканы болсо башка иш. Министр менен болобу же биз баарлашкан катардагы эле адамдар менен болобу, депутат коомчулук үчүн интеллигенттиктин, билимдүүлүктүн үлгүсү болушу керек. Мен бардыгына үлгү болууга аракеттенем, мен жаман жактан көрүнбөшүм керек”, – деди төрага.

“Депутат жыйынга катышкысы келбесе, аны мажбурлоонун кереги не?”

“Өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө палатанын жыйындарына эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү катышпаганы – бул нормалдуу эле көрүнүш. Бизде демократия”,-деди А. Жээнбеков ЖК депутаттарынын парламенттин жыйындарына толук катышпоолору тууралуу суроого жооп берип жатып. “Депутаттар комитеттерде жана фракцияларда иштеши керек. Мыйзам долбоорлорун парламентте кароодо өздөрүнүн ойлору, сунуштары бар депутаттар катышат. Эгерде депутат жыйынга катышкысы келбесе, аны мажбурлоонун кереги не?”, – деп белгиледи төрага.

“Азыркы тапта парламенттин көпчүлүк коалициясы болуп көрбөгөндөй күчтүү”,-деди Асылбек Жээнбеков “Ырыс алды – ынтымак” парламенттин көпчүлүк коалициясынын мындан аркы тагдыры жөнүндө суроого жооп берип. “Күзүндө дагы бир фракциянын кириши күтүлүп жатат, коалиция дагы бекемделет”,- деп белгиледи ал. Анын айтымында, коалициянын тарашы тууралуу имиштер көптөн бери айтылууда. “Азыркы учурда коалиция абдан күчтүү. Мындан тышкары, “Рес-публика” фракциясы да альянска кирүү ниетин билдирип жатат.Кудай буюрса, коалиция мындан да күчтүү болот. Биздин саныбыз көбөйөт”, – деди ал. Төрага кошумчалагандай, мезгилдин өтүшү менен депутаттар дагы, өкмөт мүчөлөрү, парламент өкмөттүн курамын түзбөшү керек экендигин түшүнүштү. “Бул процессти минималдаштыруу керек. Баары, анын ичинде мен дагы, премьер-министр дагы өзүнүн командасын өзү түзүшүнө кызыкдарбыз”, – деп белгиледи А.Жээнбеков.

Маалымат-жыйындын соңунда Төрага А.Жээнбеков Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн чагылдыргандыгы үчүн журналисттерге ыраазычылык билдирип, өлкөдөгү парламенттик демократия идеяларын алга жылдырууга чакырды.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru