Айбат » Жалал-Абадда “Өнүгүү” фракциясы сессияны таштап чыгып кетти

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жалал-Абадда “Өнүгүү” фракциясы сессияны таштап чыгып кетти

жалал-абадБүгүн Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында жаңжал чыгып, “Өнүгүү” фракциясынын депутаттары шаар мэриясына жана аны колдоп жаткан шаардык кеңештин төрагасына нааразылык иретинде сессияга катышуудан баш тартып чыгып кетишти.
“Өнүгүү” фракциясынан депутат Нурсулуу Атажанованын айтымында, шаардык кеңештин сессиясына он бир маселе коюлган. Сессия башталганда “Өнүгүү” фракциясынын депутаттары өздөрү тарабынан шаар мэри Муктар Арапбаевге ишенбөөчүлүк көрсөтүү тууралуу демилге көтөрүлгөнүн, аны сессиянын күн тартибине коюу зарылдыгын, бирок шаар мэринин маселеси шаар тургундарынын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү болгондуктан шаардын коомчулук өкүлдөрүн катыштыруу менен кийинки ачык сессияда ушул маселени кароо сунушун киргизишти.
Ошондой эле аталган фракциянын депутаттары шаар кеңешинин төрагасы Мураталы Тагаевдин бул орунга мыйзамсыз шайланганын эске салышты. Алардын айтымында, шаардык кеңешке “Өнүгүү” партиясынан 15 депутат шайланып, “Ата-Журт” партиясынан бир депутат кошулуу менен мыйзамдуу түрдө көпчүлүк коалициясы түзүлгөн. Бирок, КСДП жана “Ата-Журт” партиялары тийиштүү коалицияны түзө албай калышкан. Биринчи чакырылган сессияга келбей коюшуп, сессия болбой калгандан кийин азчылык депутаттар азыркы төраганы өздөрүнчө шайлап алышкан.
Кийинчерээк бул мыйзамсыздыкты оңдоо боюнча “Өнүгүү” фракциясы тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрылган, бирок азыркыга чейин мындан жыйынтык чыга элек. Ошону үчүн алар сессияда шаардык кеңештин төрагасы М.Тагаевге да нааразылык жана ишенбөөчүлүк билдиришип, сессияны таштап чыгып кетишти.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru