Айбат » Сыртка иштөө үчүн жалкоолор кетеби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Сыртка иштөө үчүн жалкоолор кетеби?

мигрантыОрусияда орто эсеп менен күнүнө бир кыргыз каза болуп турат, дайынсыз жоголгондору дагы бир топ санда.  Бирок, ага карабастан үй-бүлөсүн багуу үчүн алыс жолго чыгууга аргасыз. Бир, кезде чоң саясатчылардын бирөө «жамандар кетип жатат, жакшылар үйдө эле калып жатышат» деди эле, өзбек президенти тартынбай туруп Орусияга кетип жаткан мигранттарды «жалкоолор» деп атады. 

Тартынбастыктын артында чындык жатабы же жөн эле куру намысбы? «Өзбекстанда жалкоолор аз. Менин оюмча Москвага барып көчө шыпырып жүргөндөр жаклоолор,бир сындырым нан үчүн кетип жаткандарга жиним келет. Бизде азыр эч ким ачкадан өлбөйт» деп кошумчалады И.Каримов. Бирок, Россияда жүргөн 2 миллиондон ашык жаран бекеринен өлүмгө дагы кайыл болуп кетип жаткан жери жок болушу керек. Өзбекстанда жашоо жакшы болсо эл аралык аренада байкалат. Орусиянын федералдык миграция кызматы Өзбек мигранттары 6,084 млрд АКШ доллар өз өлкөсүнө пайда алып келип жатканын билдрген. Ал эми экинчи орунда Тажикстандын жарандары 3,952 млрд долларды өз мекенине салым катары жөнөткөн. Ал эми Кыргызстандан барган мигранттар 1,5 миллиарддан ашык долларды өз үйлөрүнө жөнөтүп тураары анык. Бизде жогорку окуу жайын бүткөндөрдүн 60 пайызы жумушсуз калат жана анын 30 пайызы Орусияга кетет.  Анан эмне кылат? Бул жактан жумуш тапса 7-10 миң сомдук кара жумушка киришет. Дипломду алып мамлекеттик кызматкер болуу деген азап. Акча, тааныш болсо бир кызматка отурасың. Жумуш иштейм дегендерге жеңил табыла турган жумуш тигүүчүлүк, үтүкчү. Азыр Кыргызстанда жеңил өнөр жай өнүгүп жатат, айлык акы 9-15 миңдин тегереги.

Орустардын ыраазычылыгы.

30-июнь күнү Орусиянын Биринчи каналынан «Воскресное время» көрсөтүүсүндө Москвадагы мигранттардын абалы тууралуу берүү даярдалыптыр. Анда Москва шаарында мигранттардын саны көбөйүп, ар бир улуттагы Орто Азиядан келген мигранттардын өздөрүнүн банктары,тейлөө бөлүмдөрү ачылгандыгы тууралуу айтылат. Эң негизгиси, баары эле орус тилин биле бербегендиктен тил билгендери жеңил жана жакшы жумуштарга алынат. Анын ичинен өзбек жана тажик улутундагылар куруучу, көчө шыпыргыч болуп иштешет экен. Ал эми кыргыздар орус тилин жакшы билгендиктен ашпозчу, кассир сыяктуу жумуштарда иштей турганын аталган телеканалдын кабарчысы баса белгилеген. Бул кабарды угуп биздин жүрөгүбүз жылыды. Коңшуларга салыштырмалуу орус тилин жакшы билгенибиз чын. Бирок ал көрсөтүү кыргыз бийлигинин Путиндин саясаттын колдоп жаткандыгына ыраазычылык жообу катарында да түшүнсө болот? Эмнеси болсо дагы АКШ базасын чыгарып, орустар менен жакшы мамиледе кызматташып жаткандыгыбыздын пайдасы тийе баштадыбы деген да ойго кетесиң. Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбековдун пикиринде кыргыздар орус тилин жакшы билгендиктен жакшы жумуштарда иштешет дегендери реалдуу эмес, жөн гана АКШ базасын чыгарып жаткандыгы үчүн жооп кылып жатат деп эсептейт.

Мигранттардын эсебинен бюджетке акча түшүрүү максаты туурабы?

Мамлекеттик бюджет толбой турганда мигранттардын эсебинен кандайдыр бир деңгээлде акча чогултууну малмекеттик бир чиновник көтөрүп чыккан эле. Жумушсуздуктун айынан Орусияга кеткенге акча таппай жүргөндө мамлекет эмне жардам кылды эле? Документтерин бүтүрүүгө, жумуш табууга жардам бердиби? Жок, жыйырма жылдан бери алар кетип жатканда жакшы бар дегенге жарабаган тууганындай эле мамиле кылып келет. Ал жака барып, өмүрүн тобокелге салып, акча тапкандан кийин мамлекет мигранттан казнага акча сураганы осолдук болуп турат. Бирок четте иштеп жаткан уул-кыздарыбызда өз өлкөсүнүн патриоту катары мындай ой болгону менен алар мамлекетке ишенишпейт. Алардан жылына бери дегенде 300 млн. доллардай накталай акчаны казнага түшүрүп, аны өндүрүшкө жумшаганга реалдуу мүмкүнчүлүк болгону менен мигранттар биздин  аткаминерлерге ишенишпейт.

Чолпон Осмонова, «Мигранттарды колдоо борборунун» директору: «Бул жерде куру намыстын кереги жок»

-Өзбекстандын президенти Ислам Каримов туура эмес баа берген. Орусиянын миграция кызматы берген маалымат боюнча ал жактагы эң көп мигрант булл – өзбектер. Демек, өзбекстанда жумуш оруну жок, айлык-маяна аз болгондуктан аргасыздан башка мамлекетке барып иштөө керек болуп атат да. Тескерисинче ошол мигрант үй-бүлөлөргө колдоо көргөзүп турса эң туура иш болмок. Себеби, алар канчалаган миллиард доллар акчаны өз мекенине салып жатат. Бул жерде куру намыстын кереги жок.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru