Айбат » Бүгүн Кыргызстан жана Тажикстан вице-премьер-министрлеринин жолугушуусу болот

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бүгүн Кыргызстан жана Тажикстан вице-премьер-министрлеринин жолугушуусу болот

границаБүгүн 10-июлда Тажикстандын Худжант шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын вице – пермьер-министрлеринин катышуусунда, мамлекеттик чек арадагы  делимитация жана демаркация маселелерин көтөргөн жолугушуу болот. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Кыргызстандан вице-премьер-министр Токон Мамытов барат.

Кыргыз делегациясынын курамында КР Өкмөтүнүн атайын өкүлү К. Искандаров, Тышкы иштер министринин орун басары А. Бешимов, Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Т. Усубалиев, ИИМ орун басары К. Асанов, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Ж. Разаков, ошондой эле Өкмөт Аппаратынын, ТИМ жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери бар.

“Жолугушуунун алкагында чыр-чатактарды алдын алуу, укук тартибин киргизүү жана чек ара аймактарында бирдиктүү кызматташуу маселелери каралат”, – деп жазылган билдирүүдө.

Вице-премьер-министрлердин жолугушуусу 11-июлда аягына чыгат.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru