Айбат » Токон Мамытов: Казакстанга берилген жерди кайтарып алуу мүмкүн эмес

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Токон Мамытов: Казакстанга берилген жерди кайтарып алуу мүмкүн эмес

Жекшемби күнү 7-июлда Көк-Сай, Кайнар айылынын тургундары “Быстроток” каналындагы сууну бууп, чек ара маселесин тактап берүүнү талап кылышкан.

юююююююююю

“Биз каналды 1,5 суткага бууганбыз, негизги максатыбыз 2008-жылдагы эки мамлекеттин ортосундагы чечимди жокко чыгаруу. 1930-жылдардагы карта боюнча кыргыздарга тиешелүү жерлер кайтарылышын талап кылуудабыз. Эгер маселени карап чечпесе биз каналды бууганды токтотпойбуз”,- деди Кайнар айылынын тургуну Минурбек Сейталиев.

Токон МамытовАл эми чек ара маселелери боюнча вице-прьемер министр Токон Мамытов Таластагы Көк-Сай, Кайнар айылынын тургундары “Быстроток” каналындагы сууну бууганы туура эмес экенин жана укук коргоо органдары аларга тиешелүү чараны көрөт деген оюн билдирди.

“2008-жылы ратификацияланган келишимди жокко чыгарууга болбойт. Эл аралык документтерди денонсациялоого мүмкүн эмес. Албетте айыл тургундарынын кээ бири туура түшүнсө, кээ бири түшүнбөй жатат. Андан сырткары Чоң Клин аркылуу мал айдап өтүү убактысын эртең мененки саат 6:00дөн- кечки 21:00гө чейин узартууну сунуш кылсак, Казакстан тарап макул болду. Ошондой эле “Клин” боюнча кээ бир күмөн санаган аймактарды биргелешип тактайлы дегенге дагы макул болушту. Өкмөт эч качан коомдук тартипти бузганга жол бербейт”,-деди Мамытов.

Талас облусундагы Кара-Буура районунун Көк-Сай айылдык аймагына караштуу Кайнар айылынын жанындагы “Чоң клин” (Быстроток каналы) жана Аманбаев айылдык аймагынын жанындагы “Кичине клин” жерлери Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкеси өткөн аймакта жайгашкан. Казакстан Республикасынын бул эки участогу Кыргыз Республикасынын аймагына үч бурчтук болуп кирип турат.

2001-жылдын 15-декабрында “Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-казак мамлекеттик чегарасы жөнүндөгү” келишимге Астана шаарында кол коюлган. Бул келишим 2008-жылдын 24-апрелинде ратификацияланган.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru