Айбат » “Түндүк электр” жарым жылда төлөмдөрдүн 99 пайызын чогулткан

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » “Түндүк электр” жарым жылда төлөмдөрдүн 99 пайызын чогулткан

север электроЖарым жылда “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун бөлүштүрүү түйүндөрүнө 3 млрд 64 млн кВт саат электр энергиясы келип түштү, бул 2012-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 64 млн кВт саатка аз. Бул тууралуу бөлүштүргүч компаниянын басма сөз кызматы маалымдайт.

Көрсөтүлгөн аралыкта “Түндүк электрдин” товардык продукциясы 2 млрд 243 млн сомду түздү, ошол эле маалда 2 млрд 223 млн сом же болбосо сатыкка коюлган баанын 99,1 пайызы чогултулган.

Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы менен электр энергиясынын жалпы жоготуусу 17 пайызды түздү, бул өткөн жылга салыштырганда 3,6 пайызга төмөн.

Ушул жылдын 6 айында калктан төлөм чогултуу – 101,6 пайызды, өнөр жай обьектилеринин – 98, бюджеттик уюмдардан – 89, айыл чарба объектилеринен – 100,8 жана башка колдонуучулардан – 99,2 пайызды түзгөн.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru