Айбат » Эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттары

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттары

манеты

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Бул документ “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” жана “Муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдарга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акы төлөөнүн тутумун өркүндөтүү жана алардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында кабыл алынды.

Эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттары эки мөөнөттө ишке киргизилет: 2013-жылдын 1-августунан баштап жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына карата колдонулат. Ал эми 2013-жылдын 1-октябрынан баштап мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылары үчүн колдонулат.

Кабыл алынган токтомдо республиканын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуучу минимум базалык ставка 5000 сом өлчөмдө белгиленген.

Ошону менен бирге мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселик коэффициенттер бекитилди:

– мамлекеттик кызматчылардын класстык жана атайын чендери үчүн кошумчалардын өлчөмдөрү, дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына – дипломаттык ранг үчүн кошумчалардын өлчөмдөрү;

– муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарына класстык чен үчүн кошумчалардын өлчөмдөрү;

– мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык кошумчалардын өлчөмдөрү.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоонун тартиби жөнүндө жобо бекитилип, анда төмөнкүлөр белгиленди:

– мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы өргүүгө чыгаарда ден соолугун чыңдоо үчүн эки айлык эмгек акысынын өлчөмүндө жөлөкпул төлөнөт;

– бийик тоолуу шарттарда жана барууга кыйын алыскы зоналарда жашап иштеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга мыйзамдарга ылайык кошумча төлөнөт;

– мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга иштин жашырын мүнөзү үчүн кызматтык маянасына мыйзамдарга ылайык пайыздык кошумча төлөнөт.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Администрациялык кызматтагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарын аныктоодо колдонула турган коэффициенттер сеткасы мамлекет башчысы А. Атамбаевдин 2013-жылдын 26-июнундагы Жарлыгы менен бекитилген мамлекеттик кызматтардын Реестрине негизделет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамкызматкерлеринин жана чиновниктеринин эмгек акысы көтөрүлгөнү турат.Бул иш эки этап менен жүргүзүлүп, биринчи этабы 1-августта, ал эми экинчи этабы 1-октябрда баштала тургандыгы болжолдонгон. Мамкызматкерлердин айлык акысынын өтө эле төмөндүгү мындай муктаждыкты жаратты. Демилгечи катары Мамлекеттик кадр кызматы саналат.

Финансы министри Ольга Лаврованын айтымында, мамкызматкерлердин базалык эмгек акысы 2000ден 7000ге чейинки сумманы түзөт. Анын айтуусу боюнча, айлык акынын бир жолку көтөрүлүшү үчүн эле 2 миллиард сом сарпталат экен. “Биз айлык акыларды этабы менен жогорулатабыз. Биринчи этабында бизге 375 млн сом керектелип, бул иш 1-августта баштала турган болсо, 1-октябрдан тартып Сот департаментинин кызматкерлеринин жана жергиликтүү соттордун судьяларынын эмгек акылары жогорулайт. Буга 275-280 млн сом талап кылынат”,- деп белгилеп өттү О. Лаврова.

Министр айым айлык акы орточо эсеп менен 60%га көбөйө тургандыгын кошумчалады. Маселен, мэриянын жана облустук маанидеги шаардык кеңештердин аппарат кызматкерлеринин айлык акысы 30-40% көбөйсө, райондорго баш ийген шаар муниципалитеттеринин чиновниктеринин айлык акылары 70-80% көбөйөөрү күтүлүүдө. “Борбордук министрликтердин аппарат кызматкерлери, тагыраагы Финансы министрлигинин кызматкерлери бул тизмеге киргизилген эмес. Себеби, алардын маяналары жетиштүү. Реформанын негизги максаты – аз маяна алган мамчиновниктерди колдоого алуу”,- экендигин Ольга Лаврова баса белгилеп өттү.

Министр чек ара кызматкерлеринин эмгек акылары да жогорулай тургандыгын айтып өттү. Буга 275 млн сом каралган. Реформа бир нече этап менен ишке ашырылып, 2015-жылга карата аягына чыгат деп болжолдонууда.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru