Айбат » Бишкекте сот актыларын жарыялоо процесси боюнча методикалардын бет ачары өтүүдө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бишкекте сот актыларын жарыялоо процесси боюнча методикалардын бет ачары өтүүдө

жогорку сотБүгүн, 2013-жылдын 10-июлунда, Бишкекте “Кыргызстан Юристтери” Ассоциациясы” Коомдук Бирикмеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту менен биргеликте “www.sot.kg” интернет ресурсундагы сот актыларын жарыялоо процесси жана сот отурумдары тууралуу маалыматтардын мониторинги жана баалоо методикаларынын бет ачары өтүүдө. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева билдирди.

Бет ачардын негизги максаты “www.sot.kg” интернет ресурсундагы сот актыларын жарыялоо процессии жана сот отурумдары тууралуу маалыматтардын мониторинги жана баалоо методикалары менен Кыргыз Республикасынын пилоттук сотторунун өкүлдөрүн тааныштыруу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту менен “Кыргызстан Юристтери” Ассоциациясы” Коомдук Бирикмеси ортосунда кол коюлган кызматташтык жөнүндө Меморандумдун чегинде, Меморандумду иш жүзүнө ашыруу боюнча иш чаранын планы бекитилген. Бул иш чаранын планында “www.sot.kg” интернет ресурсундагы сот актыларын жарыялоо процесси жана сот отурумдары тууралуу маалыматтардын мониторинги жана баалоо методикаларынын бет ачарын өткөрүү каралган. Пилоттук соттордун курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту, Бишкек шаардык соту, Биринчи май, Октябрь, Ленин, Свердлов райондук соттору жана Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча район аралык соту кирет.

Иш чарага соттордун жана коллегиялардын төрагалары, судьялар, кеӊсе башчылары, ал эми Жогорку Соттон Жогорку соттун судьясы Болотбек Акматов катышууда.

Бет ачар “Кыргызстан Юристтери” Ассоциациясы” Коомдук Бирикмесинин сот тутумун реформалоо боюнча Комитетинин эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ агенттигинин (USAID) өткөөл мезгилдеги демилгелер Программасынын (OTI) каржылык колдоосу менен “Сот актыларынын жана сот отурумдарынын жарандар үчүн ачык, айкын, жеткиликтүүлүгүн камсыздоо аркылуу жарандардын сотторго болгон ишенимин бекемдөө – долбоорунун чегинде өтүп жатат.

Долбоор сот бийлигинин беделин жогорулатууга жана жарандардын сотторго болгон ишенимин бекемдөөгө, сот актыларынын жана соттун ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтардын эл үчүн ачык, айкын, жеткиликтүү болушуна багытталган




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru