Айбат » Жантөрө Сатыбалдиев: “Улуттук долбоорлорду жүзөгө ашырууга 10 млрддан ашык каражат керектелет”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жантөрө Сатыбалдиев: “Улуттук долбоорлорду жүзөгө ашырууга 10 млрддан ашык каражат керектелет”

сатыбалдиев“Кыргызстандын бир топ тармактары каржылык колдоого муктаж. Муктаждыктарды чечүү максатында 76 обьектен турган улуттук долбоорлор иштелип чыкты. Өкмөт учурда бул долбоорлорду ишке ашырууга каржы булактарын издеп жатат”, – деп билдирди премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкектеги донорлор конференциясында.

“Улуттук долбоорлорду жүзөгө ашырууга 10 млрд доллардан кем эмес каражат керектелет. Каржы булактары 5 млрд өлчөмүндө белгиленген. Бизге бул жаатта чоң жардамды донорлор биримдиги берет. Өкмөттүн атынан мен донорлого кайрылат элем, сунушталган улуттук долбоорлорду кылдаттык менен карап чыксаңыздар”, – деди Ж. Сатыбалдиев.

Ошондой эле премьер-министр жардам иретинде келген каражаттарды пайдаланууда натыйжалуулук менен максаттуулук башкы нерсе экенин белгиледи. “Биз өнөктөш тарабынан көрсөтүлгөн жардамды натыйжалуу иштетүүнүн зарылчылыгын билебиз. Кызматташтыгыбызга өкмөт чоң маани берет”, – дейт ал.

Премьер-министр: “Стратегия өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги багытын аныктап берген документ. Мурунку жылдардан айырмаланып, учурда улуттук стратегиялык максаттарды 5 жылдык мөөнөттө реализациялоого өкмөт иш жүргүзүп баштады. Ушул жылдын алты айында жакшы жыйынтыктарга жетиштик, бирок кыйынчылыктар да болду”, – деп кошумчалады.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru