Айбат » Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүдөн кандай пайда табат? Ага кирүүнүн зарылдыгы барбы? (Сурамжылоо)

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүдөн кандай пайда табат? Ага кирүүнүн зарылдыгы барбы? (Сурамжылоо)

бажыКыдырова Гулира, 39 жаш, газета сатуучу:
– Менимче, Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүдөн пайда таппай эле зыян тартып калат.Сырттан ташылып келген товарлардын (азык-түлүк, кийим-кечек ж.б.)баасы кымбаттап, карапайым калкка бул оорчулукту жаратат. Жумушсуздук желкеден алып турганда кээ бир адамдар үй-бүлөлөрүн багуу үчүн базарга чыгып жан багышат. Бажы биримдигине кирүү менен чоң базарлар жабылып калуу коркунучунда турат. Мына ошолордун бири Кыргызстанда эң чоң деп эсептелген “Дордой” соода базары. Калган майда базарларды айтпай эле коелу… Элестеткиле, ал базарлар жабылса, карапайым калк кантип жан багат? Кыргызстан мындай кырдаалда Бажы биримдигине кирбей эле койгондугу туура го. Ага кирүүнүн зарылдыгы жок. Ал биримдиксиз деле жашап келгенбиз, мындан ары да жашай беребиз.

Токтобеков Нурбек, 29 жаш, айдоочу:
– Менин пикиримде, Кыргызстан Бажы биримдигине киргенде утат жана уттурат. Анткени мен бир канча жылдардан бери бажыдан өтүп, бажы процедураларын жакшы билем. Биримдикке кирсек, чет жактан ташылып келинген товарлар баасы кымбаттайт. Эл кыйналат. Бирок жакшы жагы бажыдан товар ташып өтүү, алып келүү бир кыйла жеңил болот. Ошол эле карапайым калк өзү өндүргөн эт-сүт азыктарын, жер-жемиштерин башка өлкөлөргө кыйынчылыксыз өткөрө алат. Бул убакыттын маселеси. Эл башында кыйналаарында шек жок, бирок убакыттын өтүшү менен көнөбүз да.

Исаков Улан, 42 жаш, энергетик:
– Саясий жактан карганада бул биримдикке кирсек, чет мамлекеттер менен болгон алакабыз бир кыйла жакшырат. Бирок Кыргызстанды кымбатчылык каатчылыгы коштойт. Биримдикке киргенден кийинки товарларга коюлган жаңы баалар элди бир топ эле кыйнайт. Ал элдин жашоо шартына, турмушуна таасирин тийгизет. Бара-бара көнүп кетебиз деп ойлойм. Андан башка арга жок.

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru