Айбат » “Датка” 500 кв – энергетикадагы эгемендиктин башаты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » “Датка” 500 кв – энергетикадагы эгемендиктин башаты

Алмазбек АтамбаевЖакында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда “Датка” 500 кВ көмөк чордону ачылды. Бул энергетика тармагындагы дагы бир чоң көйгөйдүн чечилиши болуп саналат. Мындай стратегиялык курулушту жүзөгө ашыруу маселеси СССР учурунда эле коюлуп келген. Союздун курамындагы республикалар бөлүнүп,өз алдынча мамлекет болуп кеткенден кийин бул маселе дагы курчуду. Андан бери чейрек кылымга жакын убакыт өтсө да, бул тармактагы көйгөйлөр чечилбей, түштүк жергесинде энергетика толугу менен өзбек туугандарга көз каранды болуп, ал региондун калкынын электр энергиясына байланыштуу турмушу “кылдын учунда” турган.

“Датка” 500 кВ көмөк чордонун ачуу аземине катышкан президент Алмазбек Атамбаев : “Датка көмөк чордонун баштап жатып, эки жыл мурда – 2011-жылдын июлунда келечек муундарга кайрылып, пайдубалына капсула койдук эле. Эки жыл бою “Датка” ишин баштаар күндү чыдамсыздык менен күтүп келдик. Кудайдын буйругу менен күткөн күнүбүз да келди. Кытайдын ТВЕА компаниясы жана “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коому биргелешип “Датка”500 кВ көмөк чордонунун жана тиешелүү электр берүүчү линиялардын курулушун кыска мөөнөттө толугу менен аякташты”, -деп белгилеп өттү.

Көмөк чордондун ачуу аземине катышкан Кытай Эл Республикасынын элчиси Ци Даюй алар Кыргызстанга инвестиция салууга даяр экенин билдирди. Энергетика тармагына Кытайдан башка Россия, Казакстан, Түркия өлкөлөрүнөн да инвестициялар тартылууда.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКсынын маалыматы боюнча республиканын энергетика тутумунда 3523 МВт күчүндөгү 18 электр чордону , 10 миң км жогорку чубалгы жана 500-35 кВ көмөк чордондору пайдаланууда. Мунун натыйжасында электр энергиясын иштеп чыгуу жыл сайын 15млрд кВт саатка жетет.

Аталган көмөк чордонду куруп, ишке киргизген “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун башкы директору Айткулов Медетбек Ашыркулович түштүк аймакты электр энергиясы менен камсыздоодогу жетишкендиктер жана бул багыттагы алдыда аткарыла турган иштер тууралуу төмөнкүчө кеңири баяндап берди.

Айткулов Медетбек Ашыркулович 1956-жылы туулган. 1977-жылы Фрунзедеги Политехникалык институтун бүтүргөн. 1984-1987-жылдары Москва энергетика институтунда аспирантурада окуп, 1987-жылы техника илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алган. 2003-жылы М.А. Айткуловго “КМШнын эмгек сиңирген энергетиги” наамы ыйгарылган, ошондой эле, ал Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси.

Анын жетекчилигинин астында энергетика тармагындагы бир топ ири инвестициялык долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылган.

“Кыргызстандын түштүгүндө аба электр чубалгыларын жаңылаштыруу” долбоору биздин ишкана менен Кытайдын “Tebian Elektric Appartus Co LTD” (ТВЕА) компаниясынын ортосунда кредиттик макулдашуунун негизинде жүргүзүлүп жатат. “Датка” 500 кВ көмөк чордону бул аталган долбоордун үчтөн бир гана бөлүгү.

Жалпысынан бул долбоор Кыргызстандын түштүгүн электр жабдуусу менен камсыздоо аркылуу жакшыртууга багытталган. Мына ушул долбоордун негизинде “Датка” көмөк чордону салынды. Мындан тышкары, бул долбоордо түштүк жергесинде жайгашкан 220 кВ ар кандай беш көмөк чордонду реконструкциялоо да каралган. Ошондой эле, жалпы узундугу 248 км болгон 220 кВ жаңы электр чубалгылары салынып бүттү. Бул өтө кубаттуу, эки чынжырлуу өткөргүчтөрдү дагы курууда заманбап технологиялар колдонулунган. Буга чейин Кыргызстандын түштүгүндө,өзгөчө Ош жана Баткен облустарында электр энергиясын кошуна Өзбекстан аркылуу аргасыздан пайдаланып келсек, эми өзүбүздүн чубалгылар, өзүбүздүн аймагыбыз аркылуу көз карандысыз электр камсыздоосун жабдууга мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Бул долбоордо “Датка” 500 кВ жаңы көмөк чордондун курулушу жана мурдатан иштеп келген “Кристалл”, “Төрөбаев”, “Узловая”,“Алай” жана “Айгульташ” 220 кВ көмөк чордондору, ошондой эле, Токтогул жана Күрп-Сай ГЭСтеринде релелик коргоо жана автоматика тутумунун реконструкцияланышы да каралган. Бул максатта узундугу 248,1 км 220 кВ аба электр чубалгысы курулду. Долбоордун наркы 208 млн АКШ долларын түздү.

“Датка” 500 кВ көмөк чордонунун курулушунда 501 МВА кубаттуулугу менен автотрансформатор (167 МВАх3) жана 1х167 МВА кошумча фаза, элегаздык кошкучтар менен 500/220/35 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзмөктөр орнотулду.

Долбоордун чегинде реконструкцияланган көмөк чордондорго токтолсок, “Узловая” 220 кВ көмөк чордонун реконструкциялоодо 125 МВА автотрансформатору 200 МВАга алмаштырылган, ошондой эле 8 чөмөгү менен 220 кВ жаңы ачык бөлүштүрүүч түзмөк жана башкалар курулган.“Кристалл” 220 кВ көмөк чордонун реконструкциялоодо 220 кВ ачык бөлүштүрүүч түзмөктүн эки чөмөгү, релелик коргоо жана автоматика орнотулду.“Төрөбаев” 220 кВ көмөк чордонунда 220 кВ ачык бөлүштүргүч түзмөктүн 2 чөмөгү, тиешелүү чөмөгү менен кубаттуулугу 40 МВар 110 кВ Статикалык конденсаторлор батареялары (СКБ) орнотулду.

“Алай” 220 кВ көмөк чордонун реконструкциялоодо 220 кВ ачык бөлүштүрүүч түзмөктүн 2 чөмөгү жана тиешелүү чөмөктөрү менен кубаттуулугу 80 МВар 110 кВ СКБ орнотулду.

“Айгүл-Таш” 220 кВ көмөк чордонун реконструкциялоодо тиешелүү чөмөгү менен кубаттуулугу 40 МВар 110 кВ СКБ орнотулду.

Биз жогоруда айткан иштер канча жылдан бери каралбай калган электр тармагынын кем-карчын толуктоо, заманбап технологиялар менен жабдуу болуп эсептелет. Булар энергетикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча аткарылган зор иштер десек жаңылбайбыз.

Мындан сырткары, жогоруда аталган долбоордун алкагында ушул убакка чейин иштеп келген көмөк чордондорду туташтыруу үчүн электр чубалгыларын куруу жана реконструкциялоо иштери дагы жүргүзүлдү. Алсак, “Кристалл-Датка” 220 кВ эки чынжырлуу аба электр чубалгысынын курулушунда узундугу 71,3 км ажыратылган зымдар, тирөөчтөрдүн 190 комплекти, алардын ичинен 151 ортолук жана 39 омоктуу тирөөчтөр орнотулду. Бул чубалгынын курулушу үстүбүздөгү жылдын башында аяктаган жана күчтүк жабдууну сыноо максатында январь айында чубалгы “Датка” көмөк чордонунун 220 кВ ачык бөлүштүрүүч түзмөгүн кошуу менен ишке киргизилген.

Ал эми “Датка-Узловая” 220 кВ эки чынжырлуу аба электр чубалгысынын курулушунда узундугу 117,6 км ажыратылган зымдар, тирөөчтөрдүн 304 комплекти орнотулду. Мындай иштер “Датка-Узловая” 220 кВ эки чынжырлуу аба электр чубалгысын “Датка-Төрөбаев” 220 кВ бир чынжырлуу аба электр чубалгысын, “Күрп-Сай” ГЭС–Төрөбаев” 220 кВ аба электр чубалгысын жаңылап кошууда тирөөчтөр жана омоктуу тирөөчтөр орнотулуп бир нече километр зым тартылды.

Учурда “Датка” 500 кВ көмөк чордонун Токтогул ГЭСи менен туташтырылды. Токтогулдан тышкары төрт ГЭС бар, ошолорду “Кристалл” аркылуу “Датка” көмөк чордонуна коштук. Бул мындан ары ГЭСтердин оптималдуу иштешине мүмкүнчүлүк берет. Ушу күнгө чейин төрт электр чордонунун кубаттуулугун бир убакта берүү керек болгон учурда, электр чубалгыларынын кубаттуулугу жетпей келген. Ал эми азыр төрт ГЭСти бирдей иштете турган болсок, жаңы чубалгылардын кубаттуулугу жетет.

Жогоруда айтылган объекттердин жаңыланышы жана ишке киргизилиши менен Кыргызстандын энергетикалык тутумуна “Күрп-Сай”, “Шамалды-Сай”, “Таш-Көмүр” жана “Үч-Коргон” гидроэлектр чордондору менен кубаттуулуктун берилиши камсыз болду. Ушундан улам түштүк аймактагы электр керектөөчүлөрдүн бир топ көйгөйлөрүн чечти.

Мындан тышкары, экинчи ири масштабдуу долбоор ишке ашырылып жатат. Ал – “Датка-Кемин” 500 кВ аба электр чубалгысын жана “Кемин” 500/220 кВ көмөк чордонун куруу” долбоору. Бул боюнча “Кемин” 500 кВ көмөк чордонунун курулушуна 2012-жылдын 1-августунда президент Алмазбек Атамбаев эстелик капсуласын койгон. Бул долбоордун негизинде Кемин өрөөнүндө “Даткадай” болгон ири көмөк чордон салынат. Бул долбоорду дагы “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКсы менен Кытайдын ТВЕА компаниясы ишке ашырмакчы. Кытай ишканасы жөнүндө айта кетсек, ал энергетика тармагы боюнча дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири болуп эсептелет. Анда электр чордондорун курууга керектеле турган электр жабдыктардын бардыгы жасалат, учурда дүйнөнүн бардыкөлкөлөрү энергетика жаатында анын кызматынан пайдаланышат. Бул компания менен биздин ишкана келишим түзгөн. Келишимдин негизинде жумушту аткаруу мөөнөтү 3 жылга созулат. 2015-жылдын 30-августунда бул иш толугу менен бүтүп, пайдаланууга берилиши керек. Датка-Кемин көмөк чордону ишке кирсе, Кыргызстандын бардык аймагы электр энергиясы менен көз карандысыз камсыз болот.

Буга жумшала турган каражат 389,8 млн АКШ долларын түзөт, ал Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкы аркылуу каржыланат.

Бул долбоор боюнча Кемин районунун Чолок айылында “Кемин” 500 кВ көмөк чордону жана узундугу 405 км Россия, Казакстан, Түркия 500 кВ аба электр чубалгысы курулат. Ошондой эле, “Кемин” 500 кВ көмөк чордонуна жалпы узундугу 42 км 220 кВ чубалгылары жаңыланып кошулат. Натыйжада түштүк региондогу ири көмөк чордон менен түндүктөгү ири көмөк чордон биригип, экономикабыздын стратегиялык тармагы – энергетика жагынан көз карандылык жоюлуп, энергетикалык коопсуздук жөнгө салынат. Мына ушундай өлкөнү өнүктүрүүдөгү омоктуу багыттын жөнгө салынышы менен экономикабыз көтөрүлүп, элибиздин байгер жашоосуна да шарт түзүлөт деген чоң ишеним бар.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru