Айбат » Ольга Лаврова 2010-жылдан тартып донорлордун берген каражаттары боюнча отчет берди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ольга Лаврова 2010-жылдан тартып донорлордун берген каражаттары боюнча отчет берди

ОЛЬГАКыргызстандын Каржы министри Ольга Лаврова бүгүн, 10-июлда мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жаткан Эл аралык донорлордун жыйынында 2010-жылдан тартып донорлор берген каражатты пайдалануу боюнча отчет берди.

Ал 2010-жылдан тартып Кыргызстандын гуманитардык, каржылык жана техникалык жардам берүү тууралуу чакырыгына 44 өлкө жана 15 эл аралык уюм жооп кылганын эскертти.

2010-жылдан 2012-жылга чейин өлкө эл аралык уюмдар жана донор уюмдары менен жалпы суммасы 1 881 630 916 долларга барабар 51 келишимге кол койгон. Анын ичинен грант каражаты- 416 млн 535 миң долларды, насыя – 1 312 670 916 долларды түзөт.

“2010-жылдагы алгачкы донор жыйынында эл аралык коомчулук өлкөнүн экономикасын калыбына келтириш үчүн 1 млрд 50 млн. насыя жана грант берүүгө макул болгон. Иш жүзүндө анын 940 млн долларын алдык. Кыргызстан ЕврАзЭШтин Кризиске каршы фондунан турукташтыруу насыясын ала алган жок”,- деп билдирди Лаврова.

Каржы министрлиги берген маалыматка таянсак, өкмөт донор жардамын төмөнкү багыттарга бөлүштүргөн:

– бюджетке грант жана жеңилдетилген насыя түрүндө түз каржылоо жардамы;

– инвестициялык долбоорлорду каржылоо;

– гуманитардык жана техникалык жардам;

– түз жардам.

Бюджеттин тартыштыгын азайтыш үчүн Россия- 30 млн доллар, Түркия- 10 млн, Кытай – 1 млн доллар берген.

Бюджетти колдоого 498 млн 700 миң долларлык суммада келишим түзүлсө, 1 млрд 382 млн 930 миң долларга инвестициялык келишимдер түзүлгөн.

Министр 2011-жылы Кыргызстан Эл аралык валюта фонду менен кеңейтилген насыя берүү механизми боюнча үч жылдык программага кол койгонун кошумчалады.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru