Айбат » ШИИБ: ИИМдин курсанттарын ташып бара жаткан унаа айдоочусу мас абалында болгон

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » ШИИБ: ИИМдин курсанттарын ташып бара жаткан унаа айдоочусу мас абалында болгон

1

Эксперттер тарабынан ИИМдин Академиясынын курсанттарынын өлүмү менен аяктаган жол кырсыгына кабылган унаалардын айдоочулары мас абалында болгон деген жыйынтык чыгарылды. Бул тууралуу шаардык ИИБдан билдирди.

Маалым болгондой “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү кичи автобус менен курсанттар полигонго бара жатышкан. Алардын автоунаасын “Көк-Жар” жаңы конушунун 1985-жылы туулган тургуну башкарып бара жаткан. Унаанын ичинде ИИМдин Академиясынын 1-курсунун 30 курсанты болгон.

Ал эми аны менен сүзүшкөн “Москвич” унаасынын айдоочусу жолдун каршылап тилкесине чыгып кеткен жана курсанттар келе жаткан кичи автобуска барып урунган.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп соттук-медициналык, автотехникалык экспертиза жүргүзүлүп жатат.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227154




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru