Айбат » Ички иштер министринин орун басары Ф.Усенов тергөө аяктаганга чейин ээлеген кызматынан четтетилди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ички иштер министринин орун басары Ф.Усенов тергөө аяктаганга чейин ээлеген кызматынан четтетилди

граница-300x195Бишкек шаардык прокуратурасынын корутундусунун негизинде кечээ, 9-июлда тергөө мезгили аяктаганга чейин ички иштер министринин орун басары Фурхад Усенов ээлеген кызматынан четтетилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык прокуратурасы билдирди.

Аталган токтом менен Фурхад Усенов Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (курал колдонуу менен коштолгон бейбаштык) менен каралган кылмыш ишин жасагандагы үчүн кылмыш жообуна тартылууда жана ага карата өлкөдөн чыгып кетпөө баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, 2012-жылдын 9-март күнү саат 01:30да Бишкектин Токтогул көчөсү №64 дареги боюнча жайгашкан үйдүн жанынан кылмыш издөө кызматынын мурдагы кызматкери Д.Аманов менен Ф.Усеновдун ортосунда жаңжал чыгып, Ф.Усенов коомдук тартипти бузуп, өзүнүн ТТ үлгүсүндөгү кызматтык тапанчасы аркылуу эки жолу ок чыгарып, анын биринчиси Д.Амановго таандык «Мерседес» үлгүсүндөгү автоунааны көздөй атылып, унаанын алдыңкы айнектерин тешип өткөн. Ф.Усенов тарабынан коомдук тартипти бузуу фактысы милициянын шаардык бөлүмүнүн, Бишкек ШИИБдин жана ИИМдин ички коопсуздук кызматынын окуя болгон жерге барган кызматкерлеринин сурак жүргүзүүсү менен толук далилденген.

Прокуратуранын тергөө органдары, Ф.Усенов ички иштер министринин орун басары кызматын ээлеп туруп, кылмыш ишин объективдүү тергөөгө тоскоолдук кылышы жана ички иштер органдарынын, ошондой эле анын түздөн түз башкаруусунда болгон кызматкерлери болгон күбөлөргө басым көрсөтүшү мүмкүндүгүн эске алуу менен, Ф.Усеновду ээлеген кызматынан убактылуу четтетип турууну максаттуу деп эсептеди.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru