Айбат » Кинотасмалар тууралуу 7 кызыктуу факт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Кинотасмалар тууралуу 7 кызыктуу факт

1

1. “Миллионер из трущоб” атту тасмада Mercedes-Benz компаниясы, алардын машиналары катышкан сценаларда эмблемасын алып салууну суранышкан. Денни Бойлдун атуусу боюнча,  компания, алардын бренди кедей райондордогу жашоо менен ассоцияланышын каалаган эмес. Мындай байланыш компаниянын имиджине шек келтирет деп коркушкан.

2. “Телеведущий” атту тасмада, Вероника жана курбу кыздары барган мексикалык ресторан «Escupimos en su Alimento» деп аталат. Ал испан тилинде “Биз силердин тамака түкүрүп койдук” дегенди түшүндүрөт.

3. «Терминатор 2 – Судный день» – тасмасы үчүн Арнольд Шварцнеггер 15 миллион доллар алган. Ал кинодо сүйлөгөн 700 сөздүн ар бири 21,429 доллар турган. Ошондуктан, атактуу фраза «Hasta la vista baby» 85,716 доллар болгон.

4. «40-летний девственник» тасмасында Эндинин төшүндөгү жүндү жулупаткан сценаны тартуу үчүн 5 камера керек болгон. Актер Стив Кареллдин төшүндөгү жүндү чындап эле жулушкан. Тартуулардын алдында актер, режиссер Джад Апатоуга: “Бардыгы чындап болушу керек. Эгер биз иммитация кылсак же спецэффекттерди колдонсок, тасма күлкүлүү болбойт. Көрүүчү муну чындап көрүшү керек” деп айткан. Ошондуктан сцена бир дубль менен кана тартылышы мүмкүн эле.

5. «Звёздные войны: Эпизод I – Призрачная угроза» тасмасында Куай-гон Джиндин ролун ойногон Лиам Нисондун коммуникатору үчүн,  бираз жасалгаланган аялдардын Sensor Excel Razor деген устарасы колдонулган.

6. Побег из Шоушенка: Томми Уильямстын ролу (жаш бала, аны Энди Дюфрейн оку деп түрткөн, андан кийин абактын башчысын өлтүр деген), баштап Бред Питке арналган болчу.

7. “Крик” тасмасындагы өлтүргүчтүн маскасы, Эдвард Мюнхтун “Крик” сүрөтүнөн алынган.

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru