Айбат » Чолпонбек Абыкеев, КР улуттук жазуучулар союзунун төрагасы: «Улуттук жазуучулар союзу президенттин Жарлыгын кубануу менен кабыл алды»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Чолпонбек Абыкеев, КР улуттук жазуучулар союзунун төрагасы: «Улуттук жазуучулар союзу президенттин Жарлыгын кубануу менен кабыл алды»

333333333

- Чолпонбек мырза, кече жакында эле президент Алмазбек Атамбаев«Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.  Бул Жарлык менен таанышып чыккандан кийин кандай пикирде калдыӊыз?

– Жарлыкты мен колдойм. Канча жылдан бери мамлекет башчысы кыргыз тилине качан ойдогудай көңүл бурат деп күтүп келгенбиз. Эми ал тилек ишке ашып жарлык чыкты. Бул кубанычтуу.  Маселе эми аталган Жарлык ишке ашабы же кагазда кала береби ушунда турат. Бизде мыкты жарлыктар, мыйзамдар чыгат бирок ишке ашпай кагазда кала бергени канча? Ошол эле тил мыйзамын алалы. «Мамлекеттик тилди билбегендер мамлекеттик жогорку кызматта иштөөгө болбойт»— деп турат. Ал эми жогорку кызматтарды карагыла канча мамлекеттик тилди билбеген киргиздер жана башка улуттун өкүлдөрү отурат.

- Жарлыкка ылайык мындан ары эми мамлекеттик тил комиссиясына мурдагыдан эки эсе көп акча каражаты которула турган болду. Эми мамлекеттик тилибиздин өнүгүшүнө жакшы шарттар түзүлөт деп ишенсек болобу?

– Ишке ашыруу үчүн мамлекеттик колдоо керек… Жогорку указга ылайык. Анан албетте, акча каражатынын эки эссе көбөүшү дагы көп шарттарды түзгөнгө мүмкүнчүлүк берет. Аны менен катар ал каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайлалана билүү да керек.

— Мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында улуттук жазуучулар союзу кандай аракеттерди жасай алат?

– Улуттук жазуучулар союзу бул Жарлыкты кубануу менен кабыл алды. Биз өзүбүздүн атайын программабызды даярдап жатабыз…

- Жашыруун болбосо кандай программа?..

– Бул эми ” Келечек” деп аталат.  Негизинен мамлекеттик тилдеги көркөм чыгармаларды чыгарууга арналган. Наристелерден баштап чоңдорго чейин… Кыскасы адамды руханий азыктандырууга жол ачкан программа.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru