Айбат » Жогорку Сотто «Ата-Журттун» депутаттарынын иши 16-июлда каралат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жогорку Сотто «Ата-Журттун» депутаттарынын иши 16-июлда каралат

жогорку сотЖогорку Сот «Ата-Журт» фракциясынан депутаттары

дун ишин кийинки аптадан тарта карай баштайт. Бул тууралуу Т.Мамытовдун адвокаты Искендер Журабаев кабарлады.

Журабаевдин айтымында, шаршембиде Жогорку Соттон депутаттар боюнча жараян 16-июлда башталары тууралуу чакыруу тапшырылды. Мындай маалыматты Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева да тастыктады. Буга чейин Башкы прокуратура «Ата-Журт» фракциясынын депутаттарына карата Бишкек шаардык сотунун актоо чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, арыз менен кайрылган.

Былтыр октябрда бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен кармалган «атажуртчу» депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаровду Биринчи май райондук соту 1,5 жылга ал эми Талант Мамытовду 1 жылга кескен. Бирок 17-июнда шаардык сот бул өкүмдү жокко чыгарып, депутаттарды актап чыгарган.

Булак : «Азаттык» радиосу

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru