Айбат » Өспүрүмдөрдүн жыныстык кол тийгистигин кылмыш-жазасын күчөтүү жолу менен коргогон мыйзамга кол коюлду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Өспүрүмдөрдүн жыныстык кол тийгистигин кылмыш-жазасын күчөтүү жолу менен коргогон мыйзамга кол коюлду

подписьПрезидент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду, деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 6-июнунда кабыл алган.

Ал жаш кыз-балдардын жана жашы жете электердин жыныстык кол тийгистигин кылмыш-жазасын күчөтүү жолу менен коргоо максатын көздөйт.

Аталган максатты жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине төмөнкүдөй түзөтүүлөр киргизилген:

– 63-статьянын 7-бөлүгү ага ылайык жаш кыз-балдардын жана жашы жете электердин жыныстык кол тийгистигине каршы кылмыш жасаган адамдарга карата шарттуу соттоо колдонулбай турган ченем менен толукталган;

– 129-статья (зордуктоо) жаш кызга карата жасалганда 15тен 20 жылга чейин, ал эми ошол эле жосун жашы жете элек кызга карата жасалганда 20 жылга же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазалоону белгилөө менен жаңы редакцияда берилет;

– ушуга окшогон түзөтүүлөр 130-статьяга (сексуалдык мүнөздөгү күч колдонуу аракеттери) да киргизилген;

131-статьяда (сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) жазалоонун альтернативалуу түрү – айып алынып салынат, ошол эле учурда бул статья 2- жана 3- бөлүктөр менен толукталган. Аларга ылайык жашы жете электерди сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо 2 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө (жаш кыз-балдарга карата жасалганда 5 жылдан 8 жылга чейин) эркиндигинен ажыратууга 3 жылга чейин педагогикалык же башка иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен жазаланат;

– 133-статья (ыплас аракеттер) жаңы редакцияда баяндалат, ага ылайык 18 жашка чыга элек адамга карата зомбулук көрсөтпөстөн, ыплас аракеттер жасалганда, – 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Ошол эле учурда ушундай эле жосундар жаш кыз-балдарга карата жасалганда, – 3 жылга чейин педагогикалык же башка иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 5 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат;

– 260- (сойкулук жасоого тартуу) жана 261- (сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) статьялар ага ылайык бул жосундар жашы жете электерди тартуу менен жасалса, 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга, ал эми жаш кыз-баланы тартуу менен жасалса, 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Булак : Баракелде


Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru