Айбат » Адамдарга ВИЧ-инфекциясын жуктурууга жол берген дарыгерлерге жаза күчөтүлдү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Адамдарга ВИЧ-инфекциясын жуктурууга жол берген дарыгерлерге жаза күчөтүлдү

ВИЧӨлкө башчы Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 6-июнунда кабыл алган.

Башка адамдарга ВИЧ-инфекциясын жуктурууга жол берген медицина кызматкерлерине жана башка адамдарга карата жазаны күчөтүү каралган.

Тактап айтканда, Кылмыш-жаза кодексинин 117-беренеси төмөнкүдөй редакцияда берилген:

“117-статья. ВИЧ-инфекциясын жуктуруу

(1) Билип туруп башка адамды ВИЧ-инфекциясын жуктуруу коркунучуна туш кылганда, –

үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(2) Өзүндө ал оорунун бар экендигин билген адам ВИЧ-инфекциясын башка адамга жуктурганда, –

үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(3) Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган жосундар эки же андан ашык адамга же болбосо жашы жетпегенге карата жасалганда, –

беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(4) Медициналык кызматкердин өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбаганынын кесепетинен ВИЧ-инфекциясы башка адамга жукканда, –

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү: Ушул статьянын биринчи же экинчи бөлүктөрүндө каралган жосунду жасаган адам, эгерде ВИЧ-инфекциясы жугуу коркунучунда калган башка адам биринчи адамдын мындай оорусу бар экендиги жөнүндө өз убагында эскертилсе жана жугузуу коркунучун түзгөн аракеттерди жасоого ыктыярдуу макул болгон учурда кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат”.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 URL: http://kyrgyz.vb.kg/



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru