Айбат » Кыргызстан аймагына чек арадан өтүүчү жарандар алып жүрүүгө тийиш болгон документтердин тизмеги жарыяланды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кыргызстан аймагына чек арадан өтүүчү жарандар алып жүрүүгө тийиш болгон документтердин тизмеги жарыяланды

граница

Кыргыз Республикасынын аймагына мамлекеттик чек арадан өтүүчү жарандар алып жүрүүгө тийиш болгон документтердин тизмеги жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик Чек ара кызматынын коомчулук жана ММКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Азербайжан, Армения, Грузия, Молдова Республикаларынан Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүчү жарандар үчүн визанын кереги жок. Алардан улуттук жана чет өлкө үчүн документтери талап кылынат.

Ал эми жогоруда аты аталган өлкөлөргө кирүү үчүн Кыргызстандын жарандарынан дипломаттык жана кызмат паспорту, жалпы жарандык паспорту же ал өлкөдөн кайтып келе тургандыгы тууралуу визасы жок күбөлүк талап кылынат.

Жашы жете элек өспүрүмдөр Азербайжан, Армения, Грузия, Молдова Республикаларына баруу үчүн алардан жалпы жарандык паспорт талап кылынат.

Ал эми 18 жашка толо элек балдар Кыргызстандын аймагынан башка өлкөлөргө чыгууда нотариустан күбөлөндүрүлгөн ходатайство же соттун чечими менен чыга алышат.

Булак : Баракелде


Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru