Айбат » “Өспүрүмдөргө жыныстык жактан маалымат берүүчү тарбиялык саат киргизилиши керек”, – дейт жаштар өкүлү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » “Өспүрүмдөргө жыныстык жактан маалымат берүүчү тарбиялык саат киргизилиши керек”, – дейт жаштар өкүлү

окуучу“Орто мектептерге өспүрүмдөргө жыныстык жактан маалымат бере турган тарбиялык сааттарды киргизүү зарыл”, дейт активист Алмаз Сүйүнбеков. Ал бул тууралуу өспүрүм кыздар арасындагы кош бойлуулукту алдын алуу боюнча ЮНФПА кампаниясынын иш башталышына арналган маалымат жыйынында билдирди.

А. Сүйүнбаевдин пикиринде, жаштарга жыныстык тарбия берүүгө тыюу салуу менен терс жыйынтыктарга ээ болдук. Өзгөчө айыл жергесинин жаштарынын бул нерсе боюнча маалыматы аз. “Орто мектептерге өспүрүмдөрдү жыныстык жактан тарбиялаган тарбиялык сааттарды киргизүүдөн кетенчиктебешибиз керек. Биз бул теманы уят катары кабылдап, айтып бере албайбыз, ошондуктан тарбиялык саат класс жетекчи эмес, атайын адистер тарабынан өткөрүлүшү керек. Адис өспүрүмдөргө жыныстык жол менен жугуучу оорулар тууралуу да түшүнүк бере алат”, – дейт ал. (ГТ)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru