Айбат » Чыныбай Турсунбеков: Кыргызстанда буудайдын баасы 12 сомго төмөндөдү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Чыныбай Турсунбеков: Кыргызстанда буудайдын баасы 12 сомго төмөндөдү

p-0001_100516Кыргызстанда буудайдын баасы төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда “ВБ”га КСДП фракциясынын лидери, “Акун” ун чыгаруучу фирмасынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков билдирди.

“Жаңы оруп жыйноо иштерине байланыштуу азыр унга болгон баа төмөндөдү. Мурун 1 кг буудай 16-17 сом турса, азыр 12 сомдон алса болот. Буга байланыштуу ундун баасы дагы төмөндөдү”, – дейт Турсунбеков.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда бажы төлөмү киргизилгендиктен бир кап ундун баасы 30 сомго жогорулагандыгы тууралуу маалыматтар тараган жана ага “Акун” компаниясы күнөөлү деген пикирлерди калтырган.

Өз кезегинде Турсунбеков мындай айыптоолорду четке какты.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227223




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru