Айбат » Нурсултан: “Башка ырчылар атаандашым”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Нурсултан: “Башка ырчылар атаандашым”

Акыркы мезгилде жаш ырчылардын саны жаандан кийинки козу карындай көбөйүп жаткан чагы. Келечектен көптү үмүттөндүргөн, ар бир ырчынын өз ырдоо стили болот, баардык  максаттарымды багындырууга жана кыргызымдын атын таанытууга аракетимди кылам-деген жаш ырчы Маматкулов Нурсултан жана жаш продюсер Азиз Жусупов бизде конокто.

НурсултанБлиц анкета:

Туулган жылы: 1992. 17. 09.

Кичи мекени: Ош областы, Чоң-Алай району, Жар-Башы айылы

Билими: Кыргыз Мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институту

Ырлары: “Махабат”, “Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат”, “Арзуу” жана башка

Фоббиясы: жылан

Дефиси: “Баарын багындыруу керек?”

өзүнө жаккан сапаты: Кечиримдүүлүгү, тактыгы

өзүнө жакпаган сапаты: Шашмалыгы

Кыздардан баалаган сапаты: Татынакай кыргыздын ыйман жолунда жүргөн кыздары

–      Нурсул тан сөзүбүздү, кичи мекениң тууралуу баштасак?

–      Саламатсыздарбы, рахмат, жакшы болот. Мен Ош областына караштуу Чоң-Алай районунун  Жар-Башы айылында төрөлүп, Н. Кармышев атындагы мектепти аяктадым. Бала чагым ошол айылда өттү.  Андан соң борборго келип  Кыргыз Мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун эстрада-вокал бөлүмүнө тапшырып, учурда 3 курска аттанып отурам.

–      Ырчылык кесипти эмне себептен аркалоону чечтиң?

–      Бала чагыман эле кызыгуум бар эле. Чоң аталарым музыкага жакын адамдар жана өзүмдүн атам да комуз чертет. Мына ошолордун да таасири болсо керек. Бул жаатты аркалоомо да ата-энем каршы болушкан жок, тескерисинче колдоо көрсөтүп келишет.

–      Продюсериң менен кандай болуп иштеп калдың?

–      Ооба бар, Азиз Жусупов. Ортодо эч кандай келишим жок. Бири-бирибизди көптөн бери жакшы таанайбыз. Азиз байке чогу иштөө тууралуу сунуш кылып калды, ойлонбостон макулдугумду берип иштешип жатабыз.

–      Кандай пландарыңар бар?

–      “Махабат” аттуу ырыма клип тартуу алдында турабуз. Сценарийин жазып бүттүк, Кудай буюрса  ушул жумадан баштап тартып баштайбыз. Дагы көп максаттарыбыз, пландарыбыз бар, баары алдыда. Биз жашпыз, жаратканым денсоолук берсе кыргыз элим үчүн кызмат кылып, талантымды тартуулаганга дайым даярмын.

–      Учурда ырчы көп, алардын арасынан өз ордумду таба албай калам деп коркпойсуңбу?

–      Биринчиден талантың, аракетиң болсо бардык нерсени жеңүүгө, багындырууга болот. Адам алдыга койгон максатына жетиш үчүн эч нерседен коркош керек. Пенде болгон соң, кээде албетте коркуу сезими да болбой койбойт. Башка ырчылар атаандашым да.

–      Атаандаштарыңдан эмне өзгөчөлүгүң менен айырмалана аласың?

–      Бул жерде өзгөчөлүк деп эле,ашынып кетүү же ойго келбеген нерселерди кылуу эмес. Эң башкысы ырдаган ырымды эл кандай кабыл алат, элге жагабы, жетеби деген түшүнүк жашаш керек. “Эл тараза, эл сынчы” дегендей калганын эл өзү таразалап алат.

–      өзүңдү патриотмун деп эсептейсиңби?

–      Албетте, ар бир кыргыз баласы өз эли,жери үчүн күйүп, кызмат кылыш керек. Колуңан келген баардык ишиңди мекен үчүн арноо абзел. Эр жигит эли менен, жери менен эр болот.

Ал аңгыча маегибизге Азиз мырза да аралашты

–      Буюрса учурда даядыктар жүрүп жатат. Сентябрь айынан баштап чыгармачылыгыбызга баш-отубуз менен киришели деп турабуз. Нурсултан эстрада жаатындагы ырчы болом деп аткан соң, жогоруда сиз суроо бергендей  өзгөчөлүк киргизели деген оюбуз албетте бар. Мисалы, театралдык өзгөчөлүк киргизели деген максаттар бар. Бийчилер менен сахналаштырып, ар кандай этюддарды жасасакпы деген ой бар. Колдон келишинче өзгөчөлүк киргизебиз.

–      Экөөңөр тең жаш болсоңор кыйынчылыктар көп эле болуп атса керек?

–      Албетте, професионал жумушка жаңы киришип жаткан соң кыйынчылыктар албетте болбой койбойт экен. Бизден тажрыйбалуу, улуу адамдар иштин боло турган түйшүктөрүн айтса, кыйын экен деп коркуп да кетесиң. Бирок, “көз коркок кол баатыр” дегендей, жон териң менен баардык кыйынчыкты сезсең гана, анын баардыгын жеңе аласың.

–      Акча каражаты кандай болууда, иш ансыз бүтпөйт эмеспи?

–      Учурда бардык чыгымдарды ортодон чыгарып бүтүрүп атабыз. Азыр Нурсултан элге таанылып,эл оозуна алынуусу керек. Ошондо барып анан демөөрчү, колдоочулар чыгат деп ойлойм.

 Гүлзат Садырбек кызы

1




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru