Айбат » Өрт өчүрүүчүлөр жыл башынан бери 87 адамдын өмүрүн сактады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Өрт өчүрүүчүлөр жыл башынан бери 87 адамдын өмүрүн сактады

пожарный22222222Республика боюнча жыл башынан бери 1577 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 1819 өрт өчүрүүчү бөлүмдөр тартылган. Ал эми өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 87 адамдын өмүрү сакталып калган. Бул тууралуу “ВБ”га Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМнын Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттиги тарабынан жасалган анализдин негизинде болуп жаткан өрттөрдүн негизги себептери төмөндөгүлөр деп эсептелет:

– Отту пайдалануудагы этиятсыздык;

– Чылым чегүүдөгү этиятсыздык;

– Электр жабдууларын жана электр буюмдарын пайдаланууда өрт коопсуздугунун эрежелеринин одоно бузулушу.

Жогорудагы маалыматтарды уккан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өрт кырсыгынын алдын алууда эски калкты тажатма ыкмаларды кайра-кайра колдоно бербей, жергиликтүү башкаруу органдарынын, жарандык коргоо кызматтарынын, жогорку жана орто окуу жайларында машыгууларды өткөрүүнү сунуш кылды. Ошол эле мезгилде КР ӨКМнин тез чара көрүүчү кызматтарынын күчтөрүнүн жана шаймандарынын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын күчөтүүнү тапшырды.

Андан тышкары ӨКМнын Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигине жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калк арасында өрт коопсуздугун сактоо эрежелери жөнүндөгү маалыматтарды жайылтууну күчөтүүнү милдеттендирди.

 

 URL: http://kyrgyz.vb.kg/227220


Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru