Айбат » ИИМ “аке” таксисттерди карап койчу, абал абдан оор…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » ИИМ “аке” таксисттерди карап койчу, абал абдан оор…

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

2012-жылдын  4- декабрь күнү Илим Таштанбеков жоголгон күн.  Илимдин такси айдап, акча таап эмгектенип жүргөнүнө  бар болгону бир жуманын гана жүзү болгон эле… Илим ал күнү киши колдуу болуп өлөөрүн эч качан сезбесе керек. Ал дагы эл катары акча табууну көздөп эмгетенип жүргөн да.

Тунгуч кичи районунда Илимдин жансыз денеси жатты. Жакындары, туугандары боздоду, көздөрүнөн жашын агызды, төктүү, бирок, Илим кайрадан тирилип келген жок. Ошентип, Илимди бир заматта жоготуп жиберген жакындары тиешелүү органдарга кайрылышканы менен аны мыкаачылык менен өлтүргөндөр экриндикте сайраңдап жүрөт. Кармала элек…

Мындай окуяларды колуңдун манжалары менен   бирден санап бүтө албайсың, эки колуңду кошуп туруп санасаң дагы… Жылына, айына, жумасына, күнүнө канча адам мыкаачылардын кыйноосу менен бул дүйнөдөн кош айтышууда. Албетте, мунун бардыгы социалдык абалдын, жашоо турмуштун начарлыгынан, жумушсуздуктун айынан, бир сөз менен айтканда акча үчүн энесин бычактап, атасын атып жүргөндөр… Ыймансыздык… Кайдыгерлик… дагы, дагы көптөгөн жаман, ыплас кептерди айтууга болот…

Акча деле оңой табылбайт. Эмгек менен коркунучтун ширелүүсүнөн табылат. Таксист болуш деле кыйын эмес, эртеден-кечке телмире көчө тиктеп, кардар күтүп андан соң кардарларың жеткирүү. Дал ушул убакта коркунуч башыңа минет. Ошентип жүрүп күнүнө орто эсеп менен миң сом табат, таппаса башын шылкыйткан боюнча үйүнө жөнөйт. Ошол тапкан миң сому көрө албаган, ошол миң сом үчүн адамдын өмүрүн алып жаткан мыкаачыларга кеп деле айтуунун кереги жок!!!  Таксистерден да сурамжылап көрдүк, анда эмесе сөздү таксистерге берели…

Тойчубек Асанбеков, таксист:

-Мен такси кызматында иштегениме 20 жыл болду. Чындыгын айтсам ушул жылдардын ичинде кандай гана окуя уккан жокмун, көргөн жокмун. Шумдук эми, айтып отурсак, абдан эле кыйын… Менин жеке саноом боюнча,  20дан ашык таксиссти өлтүрүп кетишти,  канчасын жарадар кылып талаага таштап кетишти,  канчасын тоноп кетишти, чынын айтсам сан жок. Анан баарынан күлкүмүштүүсү ошентип мыкаачылык менен өлтүргөн кылмышкерлерди болбогон убакытка кесишет. Алар чыгып кайра кылган кылмышын кайталаган учурлар арбын болуп жатпайбы… Депутаттарыңа, чоңдоруңа айтканың менен деле пайда жок, бул суроо канча жылдан бери эле көтөрүлүп келгени менен бардыгын эле акча чечип, акчанын “үнү” катуу чыгып калбадыбы…

Самат Алаков,  таксист:

-Ар бир таксистин өзүнүн окуясы бар. Айтса түгөнгүс окуялар…  Мисалы менин окуям мындай болду: түнкү саат экилер  чамасында мени 12-кичи районунан бир адам токтотту. Карасам бир эле адам экен, токтодум, бир убакта кайдан-жайдан дагы бирөө алдыңкы отургучка отурду, бирөө артымда бир маалда артымдагы сөгүнүп Арча-Бешик конушуна айда деп коркута баштады, мен унчукпай акырын айдап барып Ахунбаев-Абдырахманов  көчөлөрүнүн кесилишине барып унаамды шак токтотуп унаамдын ачыкычын  алып, сыртка атып чыктым . Алар чыга калып мени кубалашты, унааны бир айланып ичине отура калып  эшиктерди бекитип  айдап кетип калдым. Балким дагы кичине болгондо мени өлтүрүп коюшмак беле,  ким билет…  Ошондой окуя болгон, иним.

Элзар Койчуманов, таксист:

– Албетте, таксист болуу оңой көрүнгөнү менен абдан эле опурталдуу… Чоң чүй каналынын ылдый жагына кардарды  жеткизгени  кетип бараттымс… Жетчү жерине жетип калган маалда мага бычак такап,  “мен сага акча бербейм, аман сооңдо кетип кал” деген адам оозуна алгыс кептерди агызды да баса берди… Азыр ойлонуп көрсөм, боорукер адамга жолугуптурмун…

Англия жана АКШда айдоочу менен кардардын ортосун катуу пластик тосмо менен тосуп коюшат. Албетте, ушул жол менен коопсуздукту сактап,   такси кызматкерлерине болгон кылмыштарды азайтышканы маалым.  Биз да балким ошондой чара көрсөк, мыйзамдарды кабыл алсак,  такси кызматкерлерине болгон кылмыштуулук азаймак беле деген аруу тилек бар.

“Алманын жумшагын курт жейт, адамдын жумшагын адам жейт” деген макал бар эмеспи… Анын сыңарындай  азыркы абалда кылмышкерлердин эң оңой олжосу болуп такси кызматкерлери болуп эсептелинет. Бир жылда Кыргызстанда такси кызматкерлерине миңге жакын кол салуулар болсо,  анын көбү көмүскөдө калат.  Кыргызстанда бир жылда миңге жакын адам киши колдуу болуп өлөт. Ошол эле коңшу мамлекеттерди карасак Казакстан 1400гө жакын, Тажикистан 150гө жакын Түркмөнстан 200гө жакын, Өзбекстанда 800гө жакын, Кытайда 700гө жакын. Ооба, бизде Казакстанга караганда же Өзбекстандан кичине эле көбүрөөк болот экенго деген суроо туулат бирок алардын ошончолук элинин саны көп да…  Казакстанда 16 милион 991миң адам Өзбекстанда 29 994 600 адамы бар, биз пайыз менен алганда баарынан биринчи орунда кылмыштуулук боюнча турабыз, демек айтып кетчү нерсе биз кылмыштуулукту азайтпасак туугандар акырындык менен кырыла берип акыры жок болуу коркунучу күндө туулуда…

 Ызат Асымкулов



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru