Айбат » Өмүралиев – америка саясатын жайылтуучубу же ак ниеттүү жаранбы.

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Өмүралиев – америка саясатын жайылтуучубу же ак ниеттүү жаранбы.

1Ар бир эгемендүү мамлекетте мамлекеттик башкаруу жаатында болобу же тышкы мамилелер жаатында болобу сапаттуу кадрларды даярдоо маселеси курч бойдон калууда. Аны ишке ашырууда өзгөчө роль педагогдорго берилген. Ал педагогдор берип жаткан билим жана алардын көз-караштары мамлекеттин тышкы саясатын жана ички коомдук-саясий процесстерин жүргүзүү маселесинде келечектеги чиновниктерге, дипломаттарга, мугалимдерге жана башкаларга олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн.

Андыктан, биздин жарандарыбызга бөтөн болгон батыш цивилизациясынын көз-карашын жана менталитетин байма-бай таңуулап жаткан окуу процесси менен эмне кылабыз?

Бардыгыбызга белгилүү болгондой, биздин мамлекетибиздин тышкы саясий ведомствосу үчүн кадрларды даярдоонун чордону болуп Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы саналат. Аталган Академиянын профессордук-окутуучу курамында Өмүралиев Жумгалбек Өмүрбекович аттуу кызыктуу жаран иштейт. Анын өмүр баяны батыш баалуулуктарын киргүзүү маселесине түздөн-түз тийиштүү болгон кызыктуу фактыларга бай.

Ошентип, Өмүралиевди жакшы билген адамдардын айтуусуна караганда, ал өзүнүн карьерасын ички иштер системасында баштап, ар кандай кызматтарга жетип, кесиптик деңгээлин жогорку милициялык мектептерде жогорулатып келген. Кийинчерээк, аталган милициянын кызматкери эч ким күтпөгөн кадам жасап, өлкөнүн тышкы саясий ведомствосунун кызматкери болуп калат.

Ушул мезгилден тартып бул жаңы “дипломаттын” жашоосунда кызыктуу нерселер башталат. 1993-жылы биздин “баатырыбыз” Тышкы иштер министрлигине жумушка орношуп, бир жыл өткөндөн кийин эле АКШдагы Кыргызстан Элчилигинин консулдук бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалат. Бирок, эки жыл иштеп, командировканын мөөнөтү аяктагандан кийин күтүүсүздөн АКШ бийлигинен өзүнө жана өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнө жарандык жана саясий башкалка сурайт. Бул кадамга барганын, эч түшүндүрүп берген эмес. Ошол кезде өткөрүлгөн ички териштирүү тууралуу сөздөр айтылып келсе дагы, анын жүрүшү жана жыйынтыгы жөнүндө эч кандай маалымат жок.

15 жылдын ичинде саясий башкалка ала албаган Өмүралиев Кошмо штаттардын жеке жана мамлекеттик түзүмдөрүндө ийгиликтүү иштеп келген. Ойлонуп көрсөңүз, АКШнын жарандыгы жок кайсы бир чет өлкөнүн жаранына мындай мүмкүнчүлүк берилеби?

Акылга сыйбай турган кадамга барган биздин жердешибиз, мекенине кайтып келип, ишке орношуу жана АКШда топтогон “тажрыйбасын” иш жүзүндө колдонуу ой-максатын көздөп, мамлекеттик органдардын жана күч түзүмдөрдүн эшигин узак мезгилден бери каккылап келген. Кезегинде, өз мамлекетинин жарандыгынан баш тарткан адам, мамлекетке пайдалуу болсом деген максатты кандай ой менен көздөп жүрөт?

Буга карабастан, Өмүралиевди ийгилик коштоп, Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясына ишке алынат. Ал жерден угуучулардын арасында өзүнүн жеке көз-карашын таңуулап, башка саясий системанын же мамлекеттик башкаруунун кудуретсиздигин айтып, американын саясатын үгүттөп келүүдө. Же кимдир бирөөнүн ырын ырдап келүүдөбү? Мындай божомолдоого толук укук бар.

Өмүралиев мырза Академияда американын кызыкчылыгында үгүт иштерин жүргүзбөйт жана Биздин Мекенибизде “бешинчи колоннаны” даярдаган жок дегенден башка арга жок.  Санжар Айдаров




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru