Айбат » Акжолтой Базаров: “Айылдарда көйгөйлөр көп, аны чечүүгө аракеттенүүдөбүз”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Акжолтой Базаров: “Айылдарда көйгөйлөр көп, аны чечүүгө аракеттенүүдөбүз”

Акжолтой БазаровАкжолтой Базаров, Укук жана бизнести өнүктүрүү фондунун Жергиликтүү ачыктуулук жана кызматташуунун демилгеси» долбоорунун консультанты:

- Акжолтой мырза, азыркы учурда Кочкор районунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүсүн жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашыруунун максаты неде?

- Сиз белгилеп кеткендей, азыркы тапта Укук жана бизнести өнүктүрүү фондунун жана Борбор Азиядагы Евразия Фонду тарабынан «Жергиликтүү ачыктуулук жана кзыматташуунун демилгеси» долбооруy USAIDдин каржылоосу  аркылуу иш жүзүнө ашып жатат.  Бул долбоор республикабыздын Нарын жана Жалал-Абад облустарында ишке ашырылып жатат. Долбоордун алкагында жергиликтүү элге муниципалдык жана мамлекеттик кызматтар, алардын сапаты, муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарды алууда чыккан түшүнбөстүктөргө байланыштуу көйгөйлөр боюнча оозеки, кат түрүндөгү юридикалык кеп-кеңештерди,  соттон тышкаркы кызыкчылыктарды коргоо кызматтарын, топтук кеңештерди жана семинар-тренигдерди көрсөтүлүп келүүдө.

 - Долбоордун алкагында эмне иштерди аткарганга жетиштиңер?

- Долбоордун алкагында айыл тургундарына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга байланыштуу көйгөйлөр боюнча 4 маалыматтык-тематикалык жыйын, 2-семинар тренинг, 14-ооз эки юридикалык кеңештерди, 11-кат түрүндөгү юридикалык кеңештерди, 18-топтук кеңештерди жалпысынан 247 адамга көрсөткөнгө жетишдик. Ошондой эле, долбоордун ишмердүүлүгүнүн алкагында июнь айында Кочкор районунун 3-айыл өкмөтүндө жергиликтүү кеңештердин, айыл өкмөт башчыларынын жана айыл тургундарынын катышуусу менен коомдук угуулар өткөрүлдү. Коомдук угууларда айыл тургундары өздөрүнүн айылындагы көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Жана долбоордун алкагында бул көйгөйлүү маселелерди чечкенге укуктук жардам көрсөтөбүз.

-Айыл тургундары эң неңизги көйгөй катары кайсыларды белгилешти?

-  Айыл тургундарынын көйгөйлөрү ар түрдү. Мисалы алыскы Төлөк айылынын тургундарынын эң негизги чечилбей келе жаткан көйгөй бул жаш үй бүлөлөргө турак жай куруу үчүн жер участкаларынын жоктугу. Турак жай куруу үчүн жер аянттары жок болгондугунан айыл өкмөтү айыл тургундарына турак жайларды куруу үчүн жер участкаларын бөлүп бере албай келүүдө.  Ал эми, Сары-Булак айылында болсо телефон байланыш маселеси чечилбей келүүдө. Жыйынтыгында сотовый телефон менен сүйлөшүүлөрү үчүн айылдан тышка чыгып барып сүйлөшүшөт экен. Семиз-Бел айылдык аймагында болсо суу пайдалануучулар ассоциациясы жана таза суу маселелери көтөрүлдү.

-Бул көйгөйлөрдү чечүүнүн жолу барбы, кандай аракеттерди көрөсүздөр?

- +зүңүздөр көргөндөй бул жөнөкөй көйгөйлөр эмес жана чечүү оңой болбойт. Биз болсо долбоордун алкагында бул көйгөйлөрдү тийиштүү республикалык денгээлдеги мамлекеттик органдарга билдирип анан көйгөйлөрдү чечүүгө өбөлгө түзгөн юридикалык кызматтарды көрсөтөбүз. Айыл тургундарынын көйгөйлөрүн жалпылап, кайрылууларын мыйзамга ылайык кылып даярдоо жана кайрылуулардын жоопторун жыйынтыктарын байкоо жүргүзөбүз. Мисалы, таза суу менен камсыз кылуу маселесин алсак, бул түздөн-түз приоритетүү чечилүүгө жатчу маселе жана жергиликтүү маанидеги иштер болуп эсептелет.

Биздин долбоор көрсөтпөгөн көйгөйлөр менен дагы элдер кайрылып жатышат. Мисалы инвестиция, социалдык маселелер боюнча. Аларды биз тийиштүү органдарга жана уюмдарга баргыла деп кеңешибизди беребиз.

-Долбоордон жыйынтык чыгып атабы?

-Албетте, кичинеден чыгууда. Мисалы, Кочкор районунун Эпкин айылынын тургундары өздөрүнүн коомдук уюмун түзө албай жүрүшкөн. Аларга кандайдыр бир тараптан тоскоолдуктар болуп келген. Биздин долбоорго кайрылышып, бардык уюштуруучу документтерин иштеп чыктык жана юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөртүп бердик. Азыр эми, Эпкин айылынын тургундарынын толук кандуу айылдык коомдук уюму бар.

 Маектешкен Жеңиш Шерипбаев




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru