Айбат » Жоомарт Оторбаев: “2014-жылы “Манас” транзиттик борбору ишин токтотсо, бюджет 2,5-3 млрд сомго азаят”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Жоомарт Оторбаев: “2014-жылы “Манас” транзиттик борбору ишин токтотсо, бюджет 2,5-3 млрд сомго азаят”

жоомарт оторбаевВице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев бул тууралуу Бишкекте өткөн донорлор конференциясында билдирди.

“Алдын ала божомолдоолор боюнча 2014-жылы “Манас” тарнзиттик жүк ташуу борбору Кыргызстандагы өз ишин токтотушу менен  бюджет 2,5-3 млрд. сомго чейин азаят. Бирок бул сумма жалпы бюджеттин 2-3%ын түзөт, ошондуктан ал кардиналдык абалын шарттабайт.

Өкмөт бюджеттин киреше бөлүгүнө ылайыкталган  бир катар долбоорлорду пландоодо. Мисалы, нефти иштетүүчү завод, куйма темир заводу”, – деди Ж. Оторбаев.

“Бирок, эң башкы басым экономиканын өнүгүүсүнө болот. Соода тармагынын, айыл чарба продукцияларынын жана туризмдин өнүгүшү экономиканын өнүгүүсүнө алып келет”, – деп кошумчалады. (ГТ)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru