Айбат » Аида САЛЯНОВА, башпрокурор: «Эгер тынч митинг өткөрүшсө, мынча курал-жарактын кереги бар беле?»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Аида САЛЯНОВА, башпрокурор: «Эгер тынч митинг өткөрүшсө, мынча курал-жарактын кереги бар беле?»

Салянова Аида

Өткөн жылдын 3-октябрында мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон «Ата журт» партиясынын үч депутатына козголгон кылмыш иши негиздүүбү? Эл өкүлдөрүнүн прокуратурага койгон дооматтарында жүйө барбы? Ал эми сотто өзүн акмын деген экс-мэр Нариман Түлеевдин тагдыры кандай болот? Мына ушул өңдөнгөн суроолор менен Башпрокурор Аида Саляновага кайрылдык. Аида Жеңишбековнанын жоопторуна ортоктош болгула.
– Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров 2012-жылдын 3-октябрында «Кумтөр» маселеси боюнча тынч митингин өткөрөбүз деп жарыялашып, өздөрү Ташиевдин коомдук жардамчылары Б.Исаев, К.Камчыбеков жана С.Кадырбаев менен «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча 16 даана огу менен, «Макаров» үлгүсүндөгү тапанчанын 6 ок салынуучу магазини 9 мм 40 даана огу менен, «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча 24 даана огу менен, МР-79—9 тм үлгүсүндөгү газ-травматикалык тапанча 10 даана огу менен, «Сайга МК» аңчылык карабини 60 даана огу менен, “BLOW compakt” үлгүсүндөгү газ менен атуучу тапанча 5 даана огу менен, МР-471 үлгүсүндөгү травматикалык тапанча 15 даана огу менен, «Сайга-12К» аңчылык мылтыгы 5 даана огу менен, “GRAND POWER T12” үлгүсүндөгү газ-травматикалык тапанча 13 даана огу менен жана 12 мм калибрдеги 47 ок жана 2 даана бычак менен куралданышкан. Ушул жерден эле мыйзам ченеминде суроо жаралат: Эгерде жөн гана тынч митингин өткөрүшсө, мынча курал-жарактын кереги бар беле?
- Камалып чыккан депутаттардын бири Талант Мамытовдун айтымында, мыйзам боюнча депутаттарга Башкы прокурор гана кылмыш ишин ача алат экен, ал эми үч «ата журтчуга» Башкы прокурордун 1-орунбасары кылмыш ишин козгогону мыйзамсыз деген дооматына кандай жооп кайтарасыз?
– Башпрокурор өзүнүн кызматтык милдетинин чегинде, «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, бардык прокуратура органдарынын кызматкерлери тарабынан аткарууга тийиштүү болгон прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу буйруктарды кабыл алат. Ошондуктан өзү жок убагында мыйзам чегинде колдонгон укук милдеттерин Башпрокурордун орунбасарына жүктөгөнгө укуктуу. Андыктан мен 2012-жылдын 26-сентябрында 667-к сандуу буйрук кабыл алгам, себеби, Киев шаарына КМШ мамлекеттеринин Башпрокурорлорунун координациялык кеңешмесине катышуу үчүн иш сапарга кеткениме байланыштуу, 1-орунбасарым Нурлан
Жээналиевге өзүмдүн укук-милдеттеримди жүктөгөм. Аталган буйрук эч ким тарабынан жокко чыгарылган эмес.
Айта кетчү нерсе, Башпрокурор өзүнүн укук-милдеттерин орунбасарына жүктөп келген практика мурдатан эле колдонулуп келген. Бул боюнча мисал катары бир окуяны айта кетейин. 2006-жылдын 14-августунда Е.Валеева аттуу жарандын арызы боюнча Башпрокурордун орунбасары Курмантай Абдиев (Жогорку Кеңештеги «Атажурт» фракциясынын депутаты) тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаардык сотунун судьясы А.Токсобаеванын үстүнөн кылмыш ишин козгогон. Ошол эле учурда 2006-жылы «КыргызРеспубликасынын сотторунун статусу жөнүндөгү» Конституциялык мыйзамынын талабына ылайык, сотторго карата кылмыш ишти Башпрокурор гана козгой алат деп көрсөтүлгөн. Эгерде 2010-жылдын 7—8-апрелиндеги окуяда Башпрокуратуранын архиви өрттөнүп кетпегенде, мындан дагы көп фактыларды келтирмекмин.
— Садыр Жапаров дайыма: «Аида Салянованын жеке мага «өзгөчө мамилеси» болгону үчүн кылмыш ишин козготту» деп айтып жүрөт. Ал эмне болгон «өзгөчө мамиле» жана анын сизди отставкага кетирүү демилгесине кандай карайсыз?
– Садыр Жапаровго болгон мамилем өзгөчө эмес. Кылмыш жолуна түшкөн адамдардын баарына эле мамилем бир — алар колу менен жасаганды мойну менен тартып, мыйзамдын алдында жооп бериши керек. Ал эми демилгесин туура эле түшүнөм. Жоопко тартып жаткан кишини орденге көрсөтмөк беле.
С.Жапаровдун 2009-жылы менин Юстиция министрлигинде стат-катчы милдетин аткарып жаткандагы убакта«Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» жабык акционердик коомдорунун салык боюнча карыздарын жоюуга катыштыгым бар деп жүрөт. Бирок бул маселелерге Юстиция министрлигинин тиешеси жок. Аталган факт боюнча УКМК тарабынан укуктук баа берилген, мен тараптан эч кандай мыйзамсыз аракеттер табылган эмес.
Садыр Жапаров аргументтердин жоктугунан, айла-амалы түгөнгөндө өзүн ар кандай жол менен коргоодо.
- Нариман Түлеевдин сотто айтканына караганда, мамлекеттик айыптоочуда анын күнөөсүн далилдөөчү конкреттүү документтер жок экен. Ал коюлган кинелер ойдон чыгарылган дейт. Буга кандай комментарий бересиз?
– Нариман Түлеевдин жана анын жанындагы беш соттолуучуга карата кылмыш иши 16 томдон турат жана алардын кылган кылмыштуу кыймыл-аракетине карата айыптары угузулган. Алардын күнөөлөрү кылмыш иштин ичиндеги материалдар менен, тактап көрсөткөндө, күбөлөрдүн, бухгалтериялык документтердин, ар кандай фирмалар менен түзгөн макулдашуулардын, Эсептөө палатасынын актысы ж.б. документтери менен далилденген. Ошондой эле кээ бир далилдер Кыргызстандан гана эмес, Кытайдан да алынган.
- «Ата журттун» үч депутаты акталып кетпедиби. Ушундай эле көрүнүш Түлеевдин сотунда да кайталанбайбы?
– Түлеевдин кылмыш иши боюнча соттун чечими кандай чыгарын биз айта албайбыз, анткени соттор чечим чыгарууда көзкарандысыз болушат.
- Түлеевдин билдирүүсү боюнча, прокуратура аны менен иликтөө жаатында кызматташууга кызыкдар эмес экен. Чындап эле ошондойбу?
– Бардык тергөө органдары, алар менен бирге прокуратура органдары кылмыш иштин ар тараптуу жана объективдүү тергелишине кызыктар. Ошондой эле кылмыш иштин бардык катышуучулары менен чындыкты табуу максатында кызматташат.
Тергөө маалында Н.Түлеев өзүнүн актыгын далилдөөчү кандайдыр бир материалдарды алып келген эмес. Бирок соттук териштирүүдө күмөн жараткан көп документтерди алып келген: колу, номери, датасы ж.б. керектүү реквизиттери жок. Сотко катышкан мамлекеттик айыптоочулардын оюнда Н.Түлеев коюлган айыпты төгүндөө үчүн бир да документтерди бере элек.
- Депутаттарга же министрлерге кылмыш иши козголсо, алар заматта «оорулуу» болуп чыга келишет. Аларга коюлган диагноздорго кызыгып, иликтеп көрдүңөрбү?
– Прокурорлор жана тергөөчүлөр медицина боюнча адис болбогондуктан, тийиштүү адистердин берген медициналык корутундуларын эске алышы керек. Ошол эле учурда аталган көрүнүш тенденцияга айланып бара жатканын эске алып, атайын Саламаттык сактоо министрлигине жарым жылдын жыйынтыгын жалпылоо менен кайрылууну пландаштырып жатабыз.
- Ушул кезге чейин бир катар депутаттарга кылмыш иши козголду. Бирок депутаттардын кол тийбестигин алууга парламент уруксат бербей коет же сот тарабынан акталып кетишет. Бул Башкы прокуратуранын ийне-жибине чейин иликтеп, конкреттүү фактылар менен тастыктабай туруп кылмыш ишин чүргөй салганынан кабар бербейби же күнөөнүн бардыгы соттор менен депутаттардабы?
– Ооба, тергөө маалында кандайдыр бир кемчиликтер болушу мүмкүн. Бирок бул кемчиликтер коюлган айыптын маңызына таасирин тийгизбейт. Ал эми Жогорку Кеңеш жана сот тарабынан кабыл алынып жаткан чечимдерге коомчулук өзү баа берет деп ойлойм.

 

Булак: “Агым” гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru