Айбат » Акылбек Эшимов, ЖК депутаты, «Республика» фракциясы: «Кыргызстандын, кыргыз элинин намысын коргогон балбандарыбызга бийлик көңүл бурушу керек»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Акылбек Эшимов, ЖК депутаты, «Республика» фракциясы: «Кыргызстандын, кыргыз элинин намысын коргогон балбандарыбызга бийлик көңүл бурушу керек»

ЭшимовКазань шаарында өткөн бүткүл дүйнөлүк Универсиадада кыргыз спортчулары чоң ийгилик жаратышты. Парламенттеги “Республика” фракциясынын депутаты Акылбек Эшимов универсиаданын жүрүшү тууралуу кеп салып берди.

4- Кыргызстандагы “Алыш” федерациясынын 1-президентимин. Федерациянын президенти Малик Осмонов, вице-спикер Чолпон Султанбекова, бажы кызматкери Замир Рахманкулов, Нурбек Акановдун агасы Сапар Аканов жана мен болуп атайын спортчуларыбызды колдоо максатында Казань шаарында өткөн Универсиадага барып келдик. Жол киреге, жаткан жерибизге, кыскасы, бардык чыгымдарды өзүбүз көтөрдүк. Жеке мени кубантканы бул болду: мелдештин алгачкы үч күнүндө Россия, Япония, Кытай, Корея, Германия сыяктуу ири мамлекеттерден кийинки 6-орунда Кыргызстаныбыз турду. Акыркы маалыматтар боюнча, балбандарыбыз эки алтын, үч коло медаль тагынышты. Медалга татыган спортчуларыбыздын баары тең бел кур күрөшүнөн болгону маалым. Бизге окшогон чакан мамлекет үчүн мындай ийгилик Универсиада жемиштүү болгонун ырастайт.

Универсиадада Кыргызстандын туусун көтөрүп чыгып, кыргыз элинин намысын коргогон Нурбек Аканов тууралуу кыскача токтолоюн. Нурбек Аканов буга чейин далай далай мелдештерге катышып, өлкөбүздүн намысын коргоп келген. Ар гандай мелдештерде 37 машине уткан балбан жигитибиз ушул. Казаньдагы универсиадада дагы Кыргызстаныбыздын желегин көтөрүп чыкканын дагы бир жолу баса белгилеп өтөйүн.
Мелдешке чейин дагы, мелдеш болордун астында дагы Нурбек Акановго: “Кыргызыбыздын намысын колдон чыгарба, намыска бекем тур. Кудайдан дайыма жакшылыкты тиле, кудай колдосун сени” деп дем-күч берип турдум. Кудай балбандарыбызды колдоп, дем-күч берип, жыйынтыгы ушундай болду. Кыргызстандын патриот жараны катары Нурбек Аканов баштаган спортчуларыбыздын жеңиши кубанычка бөлөдү.

- Ар төрт жыл сайын өтүп туруучу Универсиаданын Олимпиада оюндары менен бир тепкичте турары белгилүү. Демек, Кыргызстандын, кыргыз элинин намысын коргогон балбандарыбыз өкмөт тарабынан камкордукка алынышы керек эмеспи?

– Сиз айткандай, Казаньда өткөн Универсиаданын рейтинги Олимпиада менен бир катарда турат. Андыктан, өкмөт, дегеле бийлик элибиздин, мамлекетибиздин намысын колдон чыгарбай, желегибизди дүйнө жүзүнө желбиреткен спортчуларыбызга зор көңүл бурушу керек. Аларды моралдык, материалдык жактан колдосо дейм. Бийлик тараптан чоң колдоо болсо, анда Нурбек Акановго окшогон спортчуларыбыз мындан дагы бийиктиктерди багындырат. Ошон үчүн, өкмөт Универсиаданын жеңүүчүлөрүн көңүл сыртында калтырбай, жеткиликтүү көңүл бурарына ишенем.

2

5 6 7 8 9 11



Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Акылбек мырза чыныгы патриот экен. Эми буга өкмөт көңүл бурабы?

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru