Айбат » “Беш өрдөгүн учурган” Садыр Жапаровдун маегине түзөтмө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Беш өрдөгүн учурган” Садыр Жапаровдун маегине түзөтмө

Садыр ЖапаровАбакта тогуз ай отуруп, Бишкек шаардык сотунун коллегиясынын амири менен эркиндикке чыккан “ата журтчу” Садыр Жапаров оңду, солду маектерин жарыялата баштады. Ал маектеринде чыркыраган чындыкты айтса го бир жөн, каратып туруп калп айтканы таң калтырбай койбойт экен. Ушундай кезектеги “шедевр” маеги “Майдан” гезитине жарыяланган экен, андагы “апыртмаларына” кичине түзөтүү киргизип койгубуз келди. Албетте, конкреттүү аргументтердин негизинде.

Садыр Нургожоевич кебинин башында азыркы системага түк түшүнбөстүгүн, жоопкерчиликти эч ким албагандыгын айтып каңырыгын түтөтөт. Өзүн оппозициялык фракциянын лидери санаган саясатчынын Кыргызстан учурда парламенттик башкаруу системасында жашап атканын, демек, депутат катары өлкөдөгү кырдаалга жоопкерчилиги бардыгын билбейт өңдөнөт. Минтип “артисттенгендин” да чеги болот эмеспи…

Жапаровдун “балдарына” ишенебизби же расмий органгабы?

Садыр Жапаров “Кумтөр” маселеси боюнча өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди күнөөлөп, анын дарегине опсуз дооматтарды арткан эле. Мындан улам, Атамбаев Башкы прокуратурага барып, тийиштүү суроолорго жооп берип, өзүнүн актыгын далилдегенин билебиз. Сурактын жүрүшүнүн стенограммасын президенттин маалымат саясаты бөлүмү коомчулукка сунуштаган эле. Ал эми көзөмөлдөөчү органдын басма-сөз кызматы муну тастыктаган билдирүү тараткан. Мындайда уялып калгандын ордуна кайран “ата журтчу” бет тырмоочулугун карматып: “Мага башкы прокуратурада иштеген балдар: “Бизге президент сурак бермек тургай, басып келген эмес” деп күлүп атышат. Мен Кыргызстанда бир дагы президенттин прокуратурага сурак бермек тургай, уккан да эмесмин” деп санын чабат. Кызык, “господин” Жапаров ушинтип “беш өрдөгүмдү учура берсем” эле эл ишенет деп ойлойбу? Анын Башкы прокуратурадагы “балдарына” ишенебизби же расмий органгабы? Же кайсы бир “балдарга” ишенип калгыдай коомчулуктун аң-сезими таптакыр өнүкпөй, артты көздөй кеткенби? Калпты ышкыртат десе эле ышкырта бербей, кичине алды-артын карабайбы дейсиң.

Таптакыр “жеген” эмесмин десе, Байкожоев 46 миллионду сууруп чыкты

Жапаров маегинде мамлекеттин байлыгына эгерим кол салбаганын, баштан ашкан байлыгын “таман акы, мандай терин” агызып тапканын айтып көкүрөк кагат. “Менин ак эмгегим, өз мээнетим менен тапкан кирешем өзүмө, бала-бакырама кенен жете турган Кудайга шүгүр, байлыгым бар. Мисалы, мага “Кумтөр” маселесин көтөрүп чыкпай эле кой, баягы былыктардын баарын таштандыларды, пленка салбагандарын айтпа, видео тасмасын көрсөтпө, 100 млн. доллар берели” деп суранышканда да көнгөн эмесмин” дейт Садыр мырза. Мунун канчасы чын, канчасы жалган экени бир кудайга дайын, бирок, эки моментке токтололу. Биринчиден, “Ууланган “Кумтөр” деп жарым сааттык тасманы дисктерге салып таркатуу аркылуу өзүн “элдик баатыр” көрсөткүсү келген Жапаровдун калпын анын кесиптеши Эркингүл Иманкожоева маалымат каражаттары аркылуу ашкерелеген. Анын айтымында, “Ууланган “Кумтөрдөгү” сюжеттерди кезинде өзү тарттырган экен. “Мен бул Кыргызстандын бардык аймактарына таратылып жаткан дисктерди атайын айылдан алдыртып жатам. Андагы материалдардын көпчүлүгү менин материалдарым болуп жатат. Жанагы оозу-башына жара чыга берген («Оливье» болгон бала) Канат уулу деген 1998-жылы төрөлгөн. Аны менен жеке өзүм жолугуп, маектешкен болчум. Бир көзү оюлуп калган байкени дагы көрсөтүшүптүр. Ал кишинин азыр көзү өтүп кеткен. Анын көзүнүн тирүүсүндө атайын барып жолугуп, интервью уюштурган элем. Ал Барскоондогу сууга цианид төгүлүп кеткенден кийин ушундай абалга келип калган болчу. Ошондой эле ошол учурлардагы пикеттерди дагы көрсөтүшүптүр. Бирок, өздөрү дагы ошол пикеттердин максаты эмнеде болгондугун билбесе керек. Ал пикеттер 2005—2006-2007-жылдары болгон. Алардын бардыгын жеке өзүм уюштуруп, алып чыккам. Азыр коюлуп жаткан талаптарды ошондо эле биз дагы койгонбуз. Ошол жылдары мени жалгыз отургузуп алышып, айыл өкмөт, райондун акимдери, губернатор баш болушуп: «Эмне үчүн мындай видеолорду тартып жатасыӊ?» дешип аябай күпүлдөшкөн. Эгер Жапаров чыныгы патриот болсо, ошондо келип бизге көмөк көрсөтмөк. Ал тескерисинче бизди жаман көрүп жүрчү. «Эмне, буларга акча эле керек да» дегендей мамиле кылчу. Бир да жолу «Кумтөр» маселесин козгогон сөздөрү гезит бетине чыккан эмес. Мен болсо бул маселени өтө көп жолу көтөргөм. Ал материалдардын бардыгын атайын архив кылып сактап жүрөм. Анын баарын Садыр Жапаров деле билет. Эми түштөн кийин кыйкырып чыгып, анысы аз келгенсип, башка бирөөнүн материалдарын өз кызыкчылыктарына колдонгону туура эмес» деген Эркингүл айымдын кебинен эле Жапаровдун «өзүм дегенде өгүздөй күчү» бардыгын, жеке кызыкчылыгы үчүн даяр тасмаларды, документтерди уурдоодон кайра тартпастыгын далилдебейби?

Экинчиден, Садыр Жапаровдун ашынган коррупционер экенин коомдук ишмер Болот Байкожоев бир эмес, бир нече ирет жарыялаганы маалым. Сөз мааниси бузулбасы үчүн анын айткандарын сөзмө сөз келтирели: «Жапаров 2004-жылы Акаевдер менен биргеликте Каракол эркин экономикалык аймагында 46 миллион салыкты төлөбөй койгон. Бул маселени мен депутат кезде парламентте да көтөрүп чыккам. Бүгүнкү күнгө чейин бул маселе чечилбей келет. Жапаров ушунча жыл аралыгында УКМКга, прокуратурага пара берүү жолдору менен ишти жаап келет. Мен бийлик алмашкан сайын Башкы прокуратурага бул маселе боюнча кат жазам. Алар «Ишти карап атабыз, иликтеп атабыз. Жообун беребиз» деп гана кутулуп кетишет. Силер аркылуу Аида Саляновага да кайрылуу жасап кетким келет. Качанга чейин бул жабылуу аяк жабылуу бойдон калып келет. Жапаровдун артында бир гана «Ысык-Көл инвест банкы» эмес, дагы көптөгөн рейдерлик басып алуулар бар. Мисалы, «Жыргалаң» шахтасы дагы рейдерлик жол менен тартылып алынган. Балыкчы шаарында мэриянын маңдайында бензин куюучу жайын уруксатсыз куруп алыптыр. Анын артында толтура кылмыш иштери бар. Ушунча кылмыш иштерин жасап алып «мен тазамын» деп трибунада туруп алып элге калп айтканы – бети жоктук болуп жатат. Мамлекетке салык катары гана 46 миллион карызы бар. Ал эми «Ысык-Көл инвест банкын» эмне үчүн алышкан? Максим Бакиев, Надельдер менен биргеликте кылмыш жолдору менен келген, таза эмес 800 миллион доллар акчаны дал ушул банкта «жууп тазалашкан».

Байкожоевдин бул билдирүүсүн бекеринен мисалдаган жокпуз. Эгер Жапаров «суудан таза, сүттөн ак»  экени чын болсо, өзүнө караштуу гезиттерден актанып, карганып отурбай Байкожоевдин айткандарын мыйзам чегинде төгүндөбөйт беле? Андайга бара албаган соң, анын курулай кебине ким ынанат?

“Жокиликти” кол жоолуктай пайдаланып “сатканда”

Садыр Нургожоевичтин “колуна кол, бутуна бут” болуп, “жеңилин жерден, оорун колдон” алган санаалаштарын каратып туруп сатып жибермейи бардыгын ушул маегинде билдик. Журналисттин: “Сиздин Ж.Кожобеков аттуу коомдук жардамчыңыз Жети-Өгүздө митинг уюштурганы жергиликтүү тургундарды үгүттөп жүргөн турбайбы?” маанисиндеги суроого: “Бул карандай калп. Менин жардамчым кандайдыр бир акция уюштурмак тургай, Жети-Өгүзгө басып да барган эмес. Ал эми Кожобеков аттуу жардамчым да жок. Чын-чынына келгенде 31-майда эл өзү эле көтөрүлүп чыкты” деп танып жатпайбы. Биринчиден, бул жаңылыкты “Жаңы Агым” гезити жарыялаган. Аталган гезит мындай деп жазган: «… «ата журтчу» Садыр Жапаровдун коомдук башталыштагы Ж.Кожобеков аттуу жардамчысы Жети-Өгүздөгү акцияны уюштурган активисттер, жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кулагыбыз чалды. «Уккан кулакта жазык жок» сыңарындай, Кожобеков алтын кенин иштеткен канадалыктар бийликти дүңүнөн сатып алгандыктан өкмөт маселени чечпестигин, андыктан, жол тосмой, кенди электр энергиясы менен камсыздоочу подстанцияны өчүрүү сыяктуу «шоуларды» өткөрүү боюнча жергиликтүү тургундарды үгүттөп жатканы кандай? Муну укук коргоо органдары көзөмөлдөбөйбү же качан гана «өрт» алоолонгондо өчүрүмүш этишеби?». Эгер жогорудагы маалымат жалган болсо “Жаңы Агымды” сотко берип актыгын далилдебейби?

Экинчиден, “Жаңы Агым” жазган Ж.Кожобековдун толук аты-жөнү Жолдошбек Кожобеков экенин Жети-Өгүздүн тургундары жакшы билет. Анын Садыр Жапаровдун коомдук башталыштагы жардамчысы экенин өзү танса да эл жалганга чыгарбас. Анын үстүнө, Ж.Кожобеков “Жокилик” “кличкасы” менен Жети-Өгүзгө белгилүү, анын нааразычылык акцияларынан калбай катышып жүргөнүн көргөндөр арбын. Садыр мырзанын жаш жигитти пайдаланып, акырында “салынды катындай таштап”, тааныбайм деп четке чыга бергени жигитчиликке жатабы?

Бардыгына Ташиев күнөөлүүбү?

Маекти окуп жатып ушундай ойго жетеленет экенсин. Себеби, Жапаров өз сөзүндө партиялашы Камчыбек Ташиевди Ак үйдөн секиртпегенин, тескерисинче, аны токтотконун, митинг 10-октябрда уланат дегенине карабастан Камчыкенин атырылган бойдон Ак үйдөн ашып түшкөнүн баса белгилейт. Акыл болбосоң кое кал! Эгер Жапаров ошол күнү митинг өткөрбөгөндө Камчыбек Кыдыршаевич Чыңгызханды мисал кылып, Ак үйдөн ашып түшпөйт эле го. Ал эми акциянын уюштуруучусу катары жооп берерин неге танат? Же бардык күнөөнү Ташиевге оодара салып, өзү “суудан кургак чыккысы” келеби?

Ошол эле маектин аягында элди ынтымакка, биримдикке чакырганын окуп аябай “ыраазы” болдук. “Жапаров акылына кире баштаптыр” деп “кубандык” чынында. Бирок, ал муну кургак сөзү менен эмес, турмуш жүзүндө далилдеши керек. Ал үчүн, көшөгө артында туруп алып былгытканын токтотуп, нааразычылык акциясын уюштурбай, элди козутпай, мамлекеттин келечегин көздөп, мыйзам чегинде жашашы керек. Мына ошондо гана анын чындап эли үчүн күйгөнүнө, мамлекетинин келечегин ойлогонуна ишенебиз. Андай кылбаса, анда муну анын “оң калпынын бир калпы” деп кабыл алабыз.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru