Айбат » Темирбек Асанбеков: “Кар күрөп, кароолчу болуп жүрүп ийгиликке жеткем”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Темирбек Асанбеков: “Кар күрөп, кароолчу болуп жүрүп ийгиликке жеткем”

“Мекен Ынтымагы” саясий партиясынын төрагасы Темирбек Асанбековдун жашоосу тууралуу…

Темирбек АсанбековАта-энем

Ар бир баладай эле мен да ата-энемди урматтап, сыйлайм. Биз тогуз бир туугандан төртөөбүз гана калыптырбыз. 50-60-жылдардагы балдардын арасындагы катуу оорулар менин 5 бир тууганымдын өмүрүн алып кетиптир. Албетте ага себеп ал убактагы айыл жергесинде медициналык пункттун жоктугу, медициналык кызматкерлерлин тартыштыгы жана дары-дармектердин жетишсиздиги болду. Атам Ишенбай экономист болгон, агрардык секторду ревизор болуп 20 жылдан ашык ишттеген. Атам интеллигент, тамашакөй болгондуктан жердештери абдан сыйлашаар эле. Апам Чүрөк эртеден-кечке колхоздо иштечү.

Кара жумуш

Мал баккан кара жумуштарды кылгам, кой союп жиликтегенди үйрөнгөм. Кыргыздын салтын үйрөнгөм. Кар күрөп, кароолчу болуп иштеп, жүк ташыган күндөрүм да болду. Ошонун негизинде күнүмдүк курсагыбыздын маселесин чечип турчубуз. Биздин максатыбыз диплом алуу болгон. Анча-мынча акчабыз болсо кыздар менен киного барчубуз, акчанын ашыгы болсо Кыргызстандагы апама каражат өткөрчүмүн. Негизи эле жумуш кылгандан уялбаш керек. Бирөөнө зордук кылгандан, бирөөнүн тамагын уурдагандан уялыш керек. Адал эмгектин уяты жок.

Жигули

Алгачкы алган машинем жигули. Баары айтат биринчи жигити же биринчи сүйлөшкөн кызы оюнда калат дегендей, менин да оюмда биринчи алган жигули үлгүсүндөгү машинам оюмда калган. Түнү менен уктабай кайтарып жигулиге уктап чыккам. 7 мин рублга алгам. 1-курсту бүтүп биржада Брокер болуп иштеп тапкан акчама алгам.

Үй-бүлөм, 4 балам менин байлыгым

21 жашымда үйлөндүм. 4 баланын атасымын. Бул жашоодогу чоң байлыгым ошол төрт балам. Кичинекей кезимде айыл турмушунда жашагандыктан, элет турмушту көрүп калгандыктан, менин балдарым ушул турмушту көрбөсө экен, балдарым жакшы жашоодо жашаса экен деп умтулчумун. Биринчи масактым ишке ашты. Улуу кызым Англиядан окуп келип Москвада Эл аралык компаниянын жетекчиси болуп иштеп атат. Кичүү кызым да чет өлкөдөн окуган. Юридикалык Академияны бүтүп Россияда Банкда иштеп атат. Андан кийинкиси мектепте окуйт, кенжебиз бала-бакчага барат.

Темирбек Асанбеков 124 жыл мусаапыр болдум

Ар кайсы элдин мүнөзү, шарты башкача болот. Ошого жалпы эле эрежесин билиш үчүн ар бир адам запкы чегет. Албетте, бүгүнкү күнү нан табыштын айласында сыртка кетип аткан ар бир кыргыз жаранынын басып өтөөр турмуш маселесин жакшы түшүнөм. Балким кичинекейимен айылдан келип, шаарды өздөтүргөнүм, андан кийин Ооган согушуна катышканым биринчиден мусаапырларлын турмушун көргөнүм үчүн ошолордун запкысынын айынан саясатка келип, ошолордун маселесин чечейин, биздин кыргыз жарандары муундарыбыз ушуну көрбөсүн деп, мен көргөн турмушту саясаттын негизинде чечип салайын деген максат мени саясатка көп такады. Четке чыккандардын көбү бутунан туруп кете албайт. Анда-мындасы гана оокатын түздөп кетпесе, көбү психологиялык жактан көп нерв ооруларына тушугат. Кайгы тартып отуруп адамдык сапатын жоготуп жибергендер да болот. Эс алуу

Азыр чуркап иштеп атам. Жакында эле Ала-Букадан келдим. Ушунчалык чоң  милдетти алган үчүн тагдырымды коомдук ишке байлап койдум. Колуман келгенче баштаган ишимди токтотпой, элди акыл-эс менен үчүнчү башаламандыкка алып барбай,эл арасында жакшы пикир жүргүзөм деп жүрөм. Убактым аз. Эч жака кетпейм, өз эмгегиме ишенген кыргыз элине болгон ишенимди жеткирип кыргыз мамлекетинин кадыр-баркынын өсүшүнө салымымды кошом. Эс алууга убакыт жок. Саясатка келгениме 3 жыл болду. Ушул убакыт аралыгында Ысык-Көлгө болгону 3 жолу түштүм. Мурун бизнесмен болуп жүргөндө көлгө келп 1-2 айлап түшүп, чет өлкөгө эс алып келчүмүн. Көрсө саясат чоң милдет экен.  Сууга бутумду салып эс алган күн да келет деп жүрөм. Негизи эле эс алуу ден соолукту чыңдоого болгон аракет. Маанайга жараша  да болот.

Спорт

Спорт чеберимин деп айта албайм. Ооган согушуна барган соң физикалык жактан жакшымын.

Ийгилик

Адамда эң күчтүү сезим бул ишеним болот. Ишенимди жоготкон адам эч качан ийгиликке жетпейт. Мен сыртка чыкканда ишенгеним өзүмдүн акылым, жөндөмүм жана ден соолугум болгон. Балким атам тирүү болсо мен да башкачараак иш кылат белем ким билет.  Ар кимдин тагдырына жараша анын турмушу өзгөрөт. Кыргыз эли жеңил оокаттан алысыраак болуп, чечимдерди сээп үйрөнүп, ошону сугарып өстүрсө, биз андан ары өстүрүп алабыз. Атасы байлык таштап кетсе да, билими, аң сезими жок адам ал байлыкты жоготуп коет.

Темирбек Асанбеков 2

“Путиндин кишиси” – дешип…

“От жок болсо түтүн чыкпайт”, – дегендей, мен Москвада 24 жыл жашаган адаммын. Ишкананын жетекчиси болгом. Биринчи жолу чоң саясатка Россиядан талапкер келип катышып атат. Ошонун негизинде бул сөз чыкты.  Мен Путин иштеген мезгилде ишкер болуп чоңоюп, бутума турган адаммын. Журналисттер дебатта, “Путинди тааныйсыңбы?” – дегенинен, “Аябай жакшы тааныйм”, – деп жооп бердим. Анткени, Путинди тааныбаган адам жок болсо керек. Орус элине кылган Путиндин саясатын колдойм дедим. Бирок бул Путиндин орус элине кылган саясаты кыргыз элине жагат деген сөз эмес. Ошону имиш-имиш кылып кетишкен. Назарбаевдин күйөө баласы жөнүндө айтылган сөз да бекеринен чыккан эмес. Интернеттен карасаңыздар менин үй-бүлөм, мен жөнүндө тартылган чакан  тасма бар. Аны казактардын режиссёру Бакыт Килибаев деген “Братья Громов”, “Игла” деген тасманы тарткан чыгаан инсан. Аны дагы Килибаевди Кулибаев менен алмаштырып Назарбаевдин күйөө баласы менен кандайдыр бир мамилеси бар экен деген кептер тараган.Эгерде алар мени колдой турган болсо, “Ар-Намыс” партиясын Кремлден кабыл алышты. Эмне үчүн Казакстан Ата-Журт партиясын кабыл алышты.  Эл ушу курулай сөздөргө ишенбей, саясатта кылган эмгегиме адилеттүү баа беришсе, Мекен Ынтымагынын ичиндеги жана тегерегиндеги курулай ушактар азыраак болот.

Лидер

Үй-бүлөнүн ээси да, мамлекеттин ээси да жетекчи болот. Эгер ата-энеси тил табышпай ажырашып кетсе, ортосундагы балдар жетим калат. Мамлекеттин деңгээлинде элдин кызыкчылыгын ойлогон жетекчи боло алса, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгынын негизинде, мамлекеттин түптөлүшүнүн негизинде кимдин баскан-турганы үлгү болсо, ошол кишиге башыбыз биригиши керек. Болбосо карапайым калк эки жаат болуп, жетим баладай тентип калышы мүмкүн. Өтө көрөгөч, ыймандуу болуп саясат башындагы адамдар биригиш керек. Ошондо гана кыйын жетекчи, кыйын лидер болуп Кыргызстандын келечегин сактап калабыз.

Бизнес

Улам бир иштин башын чукуган адам эч качан бир иштин жыйынтыгын чыгарбайт.  Мен да 3-4 жыл мурун саясатка кирээрде катуу ойлонуп, жеке кызыкчылык чөйрөсүндөгү кылып жаткан ишимди токтотуп, коомдук ишке киришүүгө өзүмдү мажбурлагам. Анткени, коомдук иш абдан милдеттүү. Мында жалпы элдин, коомдун тагдырына кадам шилтөө болот. Мен бир гана  коомчулук иш менен, Мекен Ынтымагы саясий партиясынын түптөлүшү менен алекмин. Ошонун негизинде, ички-тышкы саясатты түптөп, Эл аралык экономикалык саясий форумдарга барып, Кыргызстандын эртеңки экономикалык мамлекетти түптөп кетүү схемасына илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп жатам. Өзүмдүн чет өлкөдө калган досторумдун жардамы менен долбоорлордун негизинде үй-бүлөмдү жеке каражатымды чечип турган эмгегимдин пайдубалы турат. Алар өзүмдүн жеке турмушумдун негизинде чечилет, бирок саясатка эч кандай аралашпайт. Саясий иштерим Кыргызстанда жүрүп атат. Мен азыр эч качан жеке кызыкчылыктын негизинде иштебейм, бир гана жалпы коомдук маселени чечүүгө аракет кылам. Коомдук казынаны толтуруп, мугалимдердин жашоо деңгээлин, доктурлардын, офицерлердин,  илим жана дин, маданият кызматкерлеринин айлыгын көбөйтүп, коомдук казынанын эсебинен татыктуу жашоо берип, мамлекетибизди түптөп алганга башымды мажбур кылгам. Саясий туруктуулуктан кийин мамлекеттин башкаруу маалыматындагы системадагы бийлик башындагы бутактардагы келишимди түптөп бүтсөк, элге туура түшүндүрүп,  казынан боштугун ачык-айкын айтып, ишенимдин негизинде мөөнөт алып, мамлекеттин өнүгүп кетүү программасын иштеп чыгыш керек. Жөн эле чет өлкөнүн тигил акчасы, бул акчасы келет өнүгүп кетебиз деп курулай убада менен алдабай, адамдык ресурстарды кандай кылып колдонуп, табигат байлыгын иштеп чыгып, казынаны толтуруу программасын иштеп чыгышыбыз керек. Саясий туруктуулуктун негизинде күчтүү адистер, экономикалык деңгээли күчтүү болгон ыймандуу адамдарды бийлик бутагына алып келиш керек. Болбосо, мурдатан 20 жылда бийликтин бутактарында адамдар алмашкан эмес.Темирбек Асанбеков 3




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru