Бүгүн, 12-июлда, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өлкөнүн финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Жолугушууда үстүбүздөгү жылдын республикалык бюджетин аткаруу маселелери талкууланды.
Ошондой эле, финансы министри Ольга Лаврова президент Алмазбек Атамбаевге эл аралык донорлордун жакында Бишкекте өткөн конференциясы жөнүндө маалымат берди.
URL: http://kyrgyz.vb.kg/227273
![]() |
