Айбат » Кыргызстандын коррупциячылары жыл сайын 700 миллион доллар уурдайт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кылмыш » Кыргызстандын коррупциячылары жыл сайын 700 миллион доллар уурдайт

Эксперттердин берген баасына таянсак, Кыргызстанга коррцупциячылар жыл сайын 700 млн долларлык чыгым келтиришет, бул бюджеттин кирешесинин 40 пайызга жакынын түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өткөн өнүгүү маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги Эл аралык донорлор конференциясында Экономика министри Темир Сариев маалымдады. Өткөн жылы укук коргоо органдары коррупцияга байланышкан 1 180 кылмыш ишин козгогон. “Азыркы учурда өкмөт 2012-2014-жылдарда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар планын жана программасын иштеп чыгып, бекитти”,-дейт Сариев 10-июлда башталган эки күндүк донор конференциясы учурунда. Эске сала кетсек, донорлордун жогору деңгээлдеги жолугушуусу буга чейин 2010-жылы болгон кризистик жагдайларга байланыштуу да уюштурулган.

1




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru