Айбат » 14-15-июль күндөрү Бишкектин жана Сокулук районунун айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » 14-15-июль күндөрү Бишкектин жана Сокулук районунун айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт

электр-июлда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин Абдрахманов, Фрунзе, Тыныстанов көчөлөрүнүн барчаларында электр тармактарындагы профилактикалык иштерге байланыштуу электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ААКнун басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, 15-июлда борбордун «Энесай», «Дордой-2» конуштарында, Малдыбаев көчөсүндөгү № 12,14,16, 18, 20, 22 көп кабаттуу үйлөрдө, Абай көчөсүндөгү №№ 79, 89 кабаттуу үйлөрдө, Шуш-Тюбе, Абдраев, Месороша, Чугуевский көчөлөрүндө, Логвиненко көчөсүндөгү № № 12, 13 «А» көп кабаттуу үйлөрдө саат 9:00дөн 17:00гө чейин электр жарыгын берүү убактылуу токтотулат.

Мындан тышкары, 15-июлда Чүй облусунун Сокулук айылында 9:00дөн 17:00гө чейин жогорку вольттогу «Кашкелен», «Жыламыш», «Карагачевая» трансформатордук көмөкчордондорунан тараган 6/10 кВ аба электр берүү чубалгыларындагы өсүп кеткен бак бутактарды кыйып, зымдарды тарттырып, кемтик изоляторлорду алмаштыруу иштерине байланыштуу электр жарыгы токтотулушу мүмкүн.

Булак : Баракелде


Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru