Айбат » Келдибеков-Жээнбеков тандеми Кыргызстанды кыйратууга багыт алганбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Келдибеков-Жээнбеков тандеми Кыргызстанды кыйратууга багыт алганбы?

тандем

Айрым маалымат каражаттары жазгандай, кандосу Камчыбек Ташиевди Ак үйдүн тосмосунан секиртип, өзү четке чыга берген «ата журтчу» Акматбек Келдибеков «бригадалаштары» боштондукка чыкканы көрүнбөй кетти. Алардын түштүккө жасаган сапарына да барган жок. Көрсө, мунун себеби тереңде экен.

Эгиздин түгөйүндөй болуп ынтымакта коюн-колтук алышып жүргөн Келдибеков менен Ташиевдин ортосун «кара мышык аралаган» мезгил парламенттик шайлоодон кийинкиге туура келет. Экөөнүн ортосундагы жигитче сүйлөшүүгө ылайык, бири спикер, экинчиси президенттик шайлоого катышмак. Убадалашкандай эле Акматбек мырза ЖК төрагасы болду. Бирок, 2011-жылдагы президенттик шайлоодо Камчыбек досун «салынды катындай таштап» койду. Ага чейин «братишкасы» Алтынбекти күүлөп, досунун мурдун кандаганы маалым. Ал эми өткөн жылдын 3-октябрында Камчыкени Ак үйдүн тосмосунан секиртип, өзү четке чыга бергенин макаланын башында жаздык.

Мына ушундай көрүнүштөр акыры Ташиев-Келдибеков достугуна чекит коюптур. Акматбек мырза бүгүнкү күндө «Ата журттун» тең жарымын өзүнө имерип, Равшанбек Жээнбековдун «Демократиялык альянс» партиясын өзүнө каттатып, жаңы команда топтоп жатканы туурасында кеп-сөздөр айтыла баштады. Ошол эле маалда бейөкмөтчүл уюм лидерлеринин бири менен тымызын сүйлөшүп, ал аркылуу Батыштан самандай сапырылган «жашылбайларды» алып жатканы чынбы? Бейөкмөтчүл аркылуу алган каражаттар жетишсиз болгонбу, айтор, Равшанбек Бабырбековичти 10-июлда: «Жеңил барып оор кел, «долларбайлардан» ала кел» деп Америкага узатканын эшиттик.

Ошентип, саясый айдыңда Келдибеков-Жээнбеков тандеми куралды. Бул топтун саясаттагы вазыйпасы кандай болушу ыктымал? Океандын ары жагынан «азыктанып» жаткандан кийин, биринчи кезекте «Манас» аэропортунда жайгашкан транзиттик борборду калтыруу аракетин көрүшмөкчү. Бүгүнкү бийлик турганда мындай операцияны жүзөгө ашыруу кыйын. Себеби, бийлик конкреттүү чечимди кабыл алып койгон. Анда эмне кылыш керек? Мунун жападан жалгыз жолу бар. Ал – үлкөн митингдерди өткөрүп, бийликке кысым көрсөтүп, керек болсо Ташиевчесинен Ак үйгө чабуул жасоо. Ал эми мындай аракет алакандай болгон мамлекетибиздеги кырдаалды ого бетер татаалдаштырып, инвестициялык климатка доо кетирип, «өлбө жаным өлбөлөп» жашап жаткан экономикабызды белге чабары шексиз. Бул гана эмес, элдин ынтымагына, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө доо кетириши мүмкүн.

«Оюндан от чыгат» деп акылман элибиз бекеринен айткан эмес. Бийлик дегенде эки көзү төрт болуп, ага жетиш үчүн шайтан менен да соодалашуудан кайра тартпаган А.Келдибеков, Р.Жээнбеков сыяктуу саясатчылар Батыштын айтканын «кыңк» этпей аткарып, аларга келиндей жүгүнө кызмат кылганы жатыр. Мындай караганда экөөнө баары бир, «операциясын» ийгиликтүү аяктаса бийликке келишет, болбосо, Жээнбеков адатынча Америкага, Келдибеков Москванын жака белинен сатып алган «особнягына» барып жашай берет. Булар үчүн Кыргызстандын тагдыры сокур тыйынчалык да кызыктырбайт. Демек, күтүрөгөн күздө «парламент мөөнөтүнөн мурда таркатылсын!», «азыркы бийлик кетсин!» деген сыяктуу талаптар коюлган «шоулар» өтсө, аны Келдибеков-Жээнбеков-Үмөталиева үчилтиги уюштурду деп түшүнө берелиби? Андыктан, аларды ээрчигенден мурда «жети өлчөп, бир кесип», «Мамлекеттин бүтүндүгү керекби же бир ууч саясатчылардын кызыкчылыгын коргойлубу?» деген суроого жооп таап, анан чечим чыгарганыбыз оң…



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru