Айбат » Жасалма жумуртка кантип жасалат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Жасалма жумуртка кантип жасалат?

Кжумуртка.jpeg222222222222Кытай – жасалма нерселерди чыгарууну улуттук идеяга айланткан өлкө. Башкасы го, башка деңизчи, бирок жумурткалар жасалма жол менен жасалып, сатыкка чыгарылып жаткандыгы өзгөчө таң калууну жаратат. Андай жумурткалар эмнеден жана кантип жасалат? Зыяны канчалык? Кытайдан бизге да келип жатабы? Суроолорго жооп издеп көрөлү.

МАКСАТ – АЗ КАРАЖАТ ЖУМШАП, КӨП ПАЙДА ТАБУУДА
Илгертен келе жаткан “Биринчи эмне жаралган? Жумурткабы же тоокпу?” деген суроого кытайлыктар “жумуртка” деп жооп берип, аны далилдеп бере турган болуп калышты. Анткени аталган өлкөдө жасалма жумуртка жасалып, жашыруун түрдө сатыкка чыгууда. Башкача айтканда, жумуртка алуу үчүн тоокко жем-чөпкө акча коротуп, анан “качан жумуртка тууйт?”деп күтүп отурушпайт. “Жумуртка элеби, ме!” деп заматта жасап, колуңа кармата коюшат. Кептин баары жасалмасы үчүн каражат аз кетеринде жана сыртынан кадимки жумурткадай көрүнө тургандыгында. Жасалма 10 жумуртканы жасоо үчүн, болгону, 0,55 юань (3 сом 30 тыйын) чыгым кетет. Ошол эле учурда кадимки тооктун 10 жумурткасы 6,5 юань (42 сом 90 тыйын) турат. Демек, жасалмасын кадимки жумуртка деп өткөрүп, пайда табуу үчүн чыгарышат.

КАНТИП ЖАСАШАТ?

  • Алгач калий көмүр кычкылы жылуу сууга аралаштырылып, жумуртканын агы сыяктуу масса алынат.
  • Бул масса толугу менен жумуртканын агындай көрүнүшү үчүн үстүнө аралаштыруу менен желатин, бензой кислотасы, квасцы (же алюминийдин же хромдун, же темирдин күкүрт кычкыл тузу)кошулат.
  • Эми жумуртканын сарысы жасалат. Бул үчүн жогорудагыдай эле массага лимон кислотасы менен сары пигмент (боёк) кошуу жетиштүү. Натыйжада сары өңдөгү аралашма келип чыгат.
  • Сары аралашма атайын калыпка куюлат. Калып ичинде калий көмүр кычкыл аралашмасы бар идишке салынат. Реакциянын негизинде сары аралашманын сыртында абдан жука кабыкча пайда болот. Жумуртканын сарысынын формасына окшоп тоголок болушу үчүн калып тегерете чайкалат. Сарысынын сырты катканда, аны ошол аралашмада 1 саат калтырышат. Анан алып чыгып, суу менен жууп, кургатышат.
  • Эми сарысын жумуртканын агы үчүн жасалган калыпка салып, үстүнө жумуртканын агын алуу үчүн даярдалган аралашманы куюшат. Андан соң калыпты жогорудагыдай кылып калий көмүр кычкылы бар аралашмага салышса, жасалма жумуртканын сырты абдан жука кабык менен капталып калат.
  • Жумуртканын ичи даяр. Эми ага катуу кабык кийгизүү керек. Бул үчүн жумуртка атайын жип менен илинип алынып, парафин, гипс порошогу жана кальцийдин көмүр кычкылынан турган аралашмага бир нече ирет матырылат. Аралашма кургап, кабыкка айланып калат.

ЗЫЯНЫ
100 пайыз жасалма болгон соң ден соолукка айтып бүткүс зыяны бар экенин өзүңүз деле баамдадыңыз окшойт, окурман.
Жасалма жумуртканы колдонуу мээнин иштөөсүн бузуп, алгач унутчаактык жаралып, анан жүрүп отуруп кем акылдыкка жеткирет. Көрүү, угуу сезими төмөндөйт. Түрдүү оорулар келип чыгат, алардын арасында рак да бар.

КӨП ЧЫГАРЫЛУУДАБЫ?
Кытайдын Хэнань, Фуцзянь, Ляонин, Ханьдань, Хэбэй провинцияларында жасалма жумурткалар сатылган учурлар катталган. Кээ бир маалыматтарда мындай жумурткалар экспортко да кетип жатышы мүмкүн экени жазылууда. Ден соолукка зыян экендигинен улам Орусия Кытай азыктары үчүн эшигин жаап, базарлардагы азык-түлүктөрдүн кайда жасалганын жана сапатын тыкыр текшерүүгө алууда. “Бизде да ушундай катуу көзөмөл бар” деп айтуудан алыспыз.

ЖАСАЛМАНЫН ТАБИГЫЙДАН АЙЫРМАСЫ

  • Сырткы кабыгы табигыйга салыштырмалуу жылтырак жана тегиз эмес (майда быдырлуу).
  • Жасалма жумуртканы сууга бышырса, сарысы резина сымал чоюлат.
  • Даамы табигый жумурткадан башкача болот.
  • Чийки агы менен сарысын өз-өзүнчө алып, колго кармап көрүүгө болот. Анткени алар чоюлгуч жана бекем болгондуктан, агып кетпейт.
  • Бышыруу үчүн көмөч казанга куйганда көбүрөөк көбүк чыгат.

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru