Айбат » Нурлан Орозбаев, саясат таануучу: «Учурда өлкөдө жалпы жарандык маанайдын нааразылыгын курчуткан олуттуу себеп да, саясый кырдаал да түзүлө элек»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Нурлан Орозбаев, саясат таануучу: «Учурда өлкөдө жалпы жарандык маанайдын нааразылыгын курчуткан олуттуу себеп да, саясый кырдаал да түзүлө элек»

Нурлан Орозбаев

- Жайкы сезонго байланыштуу саясый айдың тынчып калды. Ал эми күзүндө саясый күрөш катуу жүрөрү маалым. Жеке сиз күздөгү саясый абалды кандай божомолдойсуз?

– Бизде акыркы учурда саясый кызык түшүнүктөр пайда болду. Түрдүү саясый чыңалууну сезонго бөлүп көрсөткөнү өнөкөткө айландырып алдык. Эгер чындап эле кайсы бир деңгээлде элдин көйгөйү чечилбей, мамлекеттик саясатка болгон нааразылыгы күчтөнүп кетсе эл эч бир сезонду күтпөй эле ар түрдүү акцияларды уюштурууга даяр болуп калат. Бирок, бизде кээ бир саясатчымын дегендер, тарапташтарын, тууган-жердештерин чогулта салып өткөргөн саясый акцияны өздөрүнүн ыңгайына карап уюштурганы үчүн жогорудагыдай саясый мүнөз өлкөдө калыптанып баратат окшойт. Ал эми күздө саясый активтүүлүк күчөп, ар түрдүү саясый окуялар күтүлүшү мүмкүн. Ага көп жагдайдагы маселелер себеп боло алат. Маселен, жакындап калган шайлоолор, чечилбей келаткан «Кумтөр» алтын кенинин айланасындагы ызы-чуулар, бүтүп калганына карабастан АКШнын транзиттик борборун чоң саясый шоуга айландыргысы келген саясатчылар бар. Ошондой эле дүйнөлүк экономикалык тенденция жана олку-солкулуктар да таасир этиши мүмкүн. Бир эле Бишкектин саясаты менен өлкөнүн келечегин карай албайбыз. Бажы союзуна байланыштуу чечимдер түрдүү пикирлерди жаратып, ар кандай саясый өңүттөгү иш аракеттер менен коштолусу да шексиз.

- Кырдаал курчуп кетсе Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылып, өкмөт отставкага кетиши ыктымал деген божомол бар. Бул канчалык өзүн актайт?

– Учурда өлкөдө жалпы жарандык маанайдын нааразылыгын курчуткан олуттуу себеп да саясый кырдаал да түзүлө элек. Бирок, түрдүү себептерди жаратып, ага элди аралаштыргысы келген туруксуз саясый күчтөр бар. Алардын дарамети чектелүү, максаты белгилүү да. Кандай жол менен болбосун бийликке жетиш. Эгер мамлекет жогорудагы саясый күчтөрдүн иш-аракеттерине жол берип, айтылган болжолдору туура чыгып, Жогорку Кеңеш тарап, өкмөт курамы оставкага кетсе туруксуз бийликтин абалын пайдаланып, ар кандай жеңил саясый кадамдар жасалып мына ошондо саясый абал курчуйт. Анын кедергиси карапайым калкка тиет. Жаманбы, жакшыбы мыйзам чегинде шайланып келген парламент, ал түзгөн өкмөт туруктуу болуп, мыйзам чегинде алмашып, саясый маданияттын салтын калыптандырыш керек. Антпесе эки ыңкылапты башынан кечирген мамлекетибиздин келечеги бүдөмүк бойдон кала берет.

- Оппозиция жана бийлик. Мына ушул эки күчтүн ортосундагы күрөш Кыргызстанды жарга такайт же өнүктүрөт. Жеке сизди оппозициянын ишмердүүлүгү канааттандырабы? Бүгүнкү оппозиция лидеримин деп жүргөндөрдүн дараметин кандай баалайсыз?

– Бизде чыныгы оппозициянын саясый өзөгү, табияты калыптанган эмес. Ар дайым саясый оппоненттердин ортосундагы жеке кызыкчылыктар, тар түшүнүктөр кызыл чеке талашка түшүп, натыйжасы жок саясый кырдаал түзүп келишет. Кээде өздөрү түшүнбөгөн шайлоодон шайлоого чейинки популисттик программасын айтып элди ишендирейин дешет. Аңкоо саясый кадамдар менен кээ бир оппозиция өкүлдөрү элге шылдын болуп жатышат. Оппозициянын мындай алешемдиги бийлик тарапты чоочулатпайт. Тескерисинче алардын ишине кедергисин тийгизет. Чыныгы оппозициянын талабынан, сунуш-программасынан кооптонгон бийлик жаратман иш аракеттери менен өлкөнүн өсүп өнүгүшүнө тынымсыз жүрүш жасаса, түрткү берген үчүн ал оппозициялык күчтөр мамлекеттин саясатындагы алтын түркүккө айланмак. Учурдагы оппозиция –  оппозиция эмес. Алардын лидерлерине эл ишенбейт. Келечекте жаңы саясый муундан жаңы оппозициялык топтордун чыгышына ишенем.

- Сентябрдын башында коалиция ыдырап, жаңы өкмөт куралары айтылууда. Ар жыл сайын өкмөттү шапкедей алмаштыра берген болобу?

– Коалициялык көпчүлүктүн ичиндеги пикир келишпестиктерди мыйзам чегиндеги көрүнүш катары кабыл алсак болот. Буга далил катары парламенттик башкаруудагы башка мамлекеттердин мисалын карап көрүңүз. Биздин элге жаңы системанын жаңы жагдайлары анчейин көнүмүш адатка айлана элек да. Бирок, көпчүлүк коалициянын ичинде мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоп, идеянын негизинде талашып-тартышса жакшы болмок. Биздин шартта тескерисинче жеке саясый кызыкчылыктар, саясый менменсиъүүгө басым жасалып ыдырап жатпайбы. Мындай көрүнүш жакшы эмес. Азыркы өкмөттүн альтернативасындагы башка саясый күчтөрдүн дарамети, идеялык программасы канчалык негиздүү? Аны терең талдоого алыш керек. Орунсуз өкмөттү алмаштыруу менен өлкө келечегин жарга такай беребиз.

- Транзиттик борбор чыгарылат дегенден бери АКШнын Кыргызстанга болгон мамилеси салкындады дегендер бар. Ал турсун, Америка айрым оппозиция лидерлери аркылуу кезектеги төңкөрүшкө даярданып жатканын интернет булактары жазып чыкты. Мында чындыктын үлүшү канчалык?

– Тигил же бул маалыматты айтуудан мурун аны кылдат иликтеп алыш керек. Жосунсуз миштер, ушактар менен айрым массалык маалымат каражаттары элдин башын айландырып жатат. Маалыматтын өз абийириндеги жоопкерчилиги болуш керек. Билесизби мындай маалыматтар биздин элди, мамлекетти шылдыңдагандай сезилет. Максатсыз төңкөрүшкө элибиз эч качан жол бербешине ишенем. АКШнын салкын мамлеси азырынча байкала элек. Анын чын төгүнүн келечектеги геосаясый мамилелердеги аракеттер менен мезгил көрсөтөт.

- «Ата журт» партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибековдун арасы сууганын маалымат каражаттары жар салды. Буга көз карашыңыз кандай?

– Туура эле көз караштамын. Андан жакшы же жаман саясый саамалыкты көргөн жокмун. Болгону бир нерсени байкадым. Алардын идеялык жактан бирикпеген, кызыкчылыктарды эске алган саясатчылар экен. Мындай көрүнүш Кыргызстандагы көпчүлүк партияларда саясый курулуш болбогонунан кабар берет.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru