Айбат » Кызуу кандуулукка алдырган, Ташиевдин «куйругу», эли үчүн эмне иш кылганы белгисиз Садыр Жапаров

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Кызуу кандуулукка алдырган, Ташиевдин «куйругу», эли үчүн эмне иш кылганы белгисиз Садыр Жапаров

Жапаров СадырЭлге төбөсү көрүнгөн саясатчылардын чыныгы дараметин, табигый жүзүн анын жердештеринен кыйын билген адам болбосо керек. Мындан улам: «Ата журтчу» Садыр Жапаровдун саясаттагы ишмердүүлүгүн кандай баалайсыз? Анын Ысык-Көл үчүн жасаган иши жана аброюн салмактап бересизби?» деген суроолор менен Көлдүн аттуу-баштуу инсандарына кайрылдык.

Жекшеев Жыпар

 

Жыпар ЖЕКШЕЕВ, коомдук ишмер:

– Садыр Жапаровду парламенттеги активдүү депутаттардын бири деп айтсак болот. «Кумтөр» маселеси боюнча парламенттик комиссияны да жетектеди. Бирок, ал өзү жетектеген комиссиянын бүтүмүн чыгарарда бир тараптуу гана пикирлерге, маалыматтарга таянганы белгилүү болуп калды. Ошондон улам Садыр Жапаров алдын-ала өзү пландаштырган программанын негизинде иш алып барганы көрүндү. Кандай гана иликтөө болбосун эки тараптын тең оюн угуп, анан ортодон жыйынтык чыгарыш керек эле. Анын бир тараптуу жыйынтыгынан улам мамлекетибиздин экономикасына бир топ залака тийди. Инвестициялык саясатыбызга балта чабылды. Ошондон улам Садыр Жапаров прогматик эмес, кызуу кандуулукка алдырган саясатчы экендигин көргөздү. Ал канчалык шымаланып иштеп жатса дагы, анын мамлекетибиз үчүн канчалык деңгээлде пайдалуу экендиги талаш маселе болууда.

Байкожоев БолотБолот БАЙКОЖОЕВ, коомдук ишмер:

– Садыр Жапаров билими дагы, саясый деңгээли дагы жок адам. Бүгүнкү күнгө чейин Ысык-Көлгө бир тыйынчалык дагы пайда кыла элек. Убагында дене-тарбия институтунда окуп, аны да жакшы окубай, бүтө албай калыптыр. Кийинчерээк юридикалык билимге ээ болуптур, аны деле акчанын күчү менен менен бүтүрүп алганы көрүнүп турат. Сүйлөгөндө бирөөдөн жаттап алгансып сүйлөйт. Ысык-Көлдө деле эч кандай кадыр-баркы жок. Көлдө буларды кытайчылар деп коюшат. Анткени булар түбү Кытайдан келишкен. Еврейлердей кадамдарды жасашат. «Кумтөр» маселесин деле эл үчүн көтөрүп жаткан жок. Мен уккан маалыматка караганда ал канадалыктардан 50 миллион сом сураган экен. Бирок, алар бул акчаны бербей койгондуктан, аларга каршы тырышып иш жасоодо. Көлдө да кадыр-баркы жок болгондуктан эптеп Ташиевге жармашып, анын «куйругу» болуп жүрөт.

ИманкожоеваЭркингүл ИМАНКОЖОЕВА, ЖК депутаты, КСДП фракциясы:

– Садыр Жапаров эгерде чындап Кыргызстандын патриоту болсо, Каркыра казактарга берилип жатканда кыйкырып чыкмак. Тилекке каршы андай кадамга барганга эрки жеткен эмес. Экинчиден, «Кумтөр» маселесине деле мурда көңүл бурчу эмес. Азыр деле бул маселе боюнча мурда биз чогулткан материалдарды колдонуп атат. Башынан эле өзүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн күрөшүп келген. Убагында «Ысык-Көл» инвест банкын кантип тартып алганын билебиз. Балыкчы шаарындагы акимчиликтин маңдайына мыйзамсыз АЗС салып алган. Караколдо кийим тигүүчү цехтин жер тилкесин өзүнүн инисине алып берип койгон. Андыктан Садыр Жапаров эч качан Ысык-Көл аймагы үчүн күйгөн эмес. Эл деле анын артынан ээрчибейт. Буга кече жакында эле Саруу айылына барып, элден кагуу жеп кайра кайтканы мисал боло алат.

Каптагаев ЭмилбекЭмилбек КАПТАГАЕВ, Ысык-Көл облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым өкүлү:

– Ачыгын айтканда мен Садыр Жапаровдун саясаттагы ишине жакшы түшүнө албайм. Анын эмне жасап жүргөнүн, эл үчүн эмне кылганын, кандай максаттары бар экендигин билүү кыйын.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru