Айбат » Ош-Баткен-Исфана жолунун Ноокат участогун оңдоо иштеринин биринчи этабы жүрүп жатат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ош-Баткен-Исфана жолунун Ноокат участогун оңдоо иштеринин биринчи этабы жүрүп жатат

жолОш-Баткен-Исфана жолун куруу иштеринин биринчи этабы жүрүп жатат. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, алгачкы этаптын алкагында 18 чакырым жол ондоодон өткөрүлөт. Бул аралыктагы тар жолдор кеңейтилип, сентябрь айында асфальт төшөлөт.

Буга чейин маалым болгондой, Ош-Баткен-Исфана унаажолу бир канча этаптар менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп келүүдө. Аталган жолдун жалпы узундугу 360 чакырымды түзсө, анын ичинен Баткен облусунун аймагындагы 100 чакырымы 2012-жылы оңдоп-түзөөгө алынган. Учурда Ош-Баткен-Исфана унаажолунун кезектеги оңдоп-түзөөгө алына турган аймагы Ноокат районунун аймагындагы узундугу 18 чакырымдык жол болуп эсептелет. Бул аралыка Ноокат ашуусу да кирет.

Жолду оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан «КОК» компаниясынын инженери Керим Капаров билдиргендей, жолду оңдоонун биринчи этабынын алкагында быйылкы жылдын сентябрында бир катар асфальт басылат. Ал эми кийинки жылдын октябрь айына жол толугу менен бүтөөрү пландаштырылууда.

Ал эми айдоочулар аталган жолду ондоп-түзөө иштери бүткөнгө чейинки мезгилде бул жол аркылуу гана жүрө алышат. Анткени Ноокат-Баткен аймактарына барууда мындан башка каттам жок.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru