Айбат » “Жин шайтан” даарыган Мырзаевге ишенген Жапаровго “даңк” жана “дүңк”!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Жин шайтан” даарыган Мырзаевге ишенген Жапаровго “даңк” жана “дүңк”!

МырзаевБиринчи Май райондук соту тарабынан сыртынан 15 жылга кесилип, үй-мүлкү конфискацияланган экс-премьер-министр Данияр Үсөновду саан уйдай саап, анын акчасы менен пикет-митинг өткөрүмүш этип жүргөн “элдик фронтчу” Абдумалик Мырзаевдин эл билбеген “секреттери” секирип чыга баштады. Бу жигит эмне эле нааразычылык акцияларын өткөрүп калды десе, көрсө, сырдын түйүнү мында катылып жатыптыр да. Былтыр бүбү-бакшылардын бирине барса, ал: “Кыргызстанды оңдоп кетиш жалгыз сенин колунан келет. “Эки тизгин, бир чылбырды” колуна ал” дебейби. Ошондон бери маңсап дартына чалдыккан неменин ойлосо оюнан, уктаса түшүнөн кетпейт экен дейт Ак үйдүн 7-кабаты. Астапырылла-а! “Жин шайтан” даарыган Мырзаевден мамлекетибиздин, элибиздин тагдыры көзкаранды болсо, өлгөнүбүз ушубу? Баарынан дагы ага оппозиция “кочкорлорунун” бири Садыр Жапаровдун кошулуп алганын карабайсынбы! “Сыныктан башкасынын баары жугуштуу” демекчи, Садыр Нургожоевич эмне эле бүгүн бирди айтып, эртеси башканы айтып тантып баштады деп баш тырмап атсак, көрсө, Мырзаевдин өнөрлөрүнөн “жуктуруп” алгандан сообу дебейсинби? “Окшошконго мушташкандар” Кыргызстанды сактайбыз дегенде күйбөгөн жерин күл болот десең!




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru