Айбат » Кайнаса каны кошулбаган С.Жапаров менен К.Кадыров шайтан менен да кызматташууга даяр экенин тастыкташты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кайнаса каны кошулбаган С.Жапаров менен К.Кадыров шайтан менен да кызматташууга даяр экенин тастыкташты

Кадыров КубанычбекУбакыт деген учкан куштай зымырап, жашоодо дайым өзгөрүүлөр болуп турат турбайбы. Бирок турмуштун оош-кыйышында, өйдө-ылдыйы менен ысык-суугуна чыдап, өзгөрбөгөн адамдар аз экен.

Саясатта деле ошондой. Бүгүн карасаң кайнаса каны кошулбай, эки жээкте душман болуп жүргөн эрендер эртең эле башкача болуп, кубулуп, жеке кызыкчылыктарын мамлекеттик кызыкчылыктарга аралаштырып, биригип, бир ооздон сүйлөп калганына таң калбай деле калдык. Көнүп баратабыз. Ушундай эки жүздүүлүк, чыккынчылык, бет тырмарлык деген көрүнүштөргө каршы чыкпай жатабыз. Тескерисинче, ошолорду колдоп, түртмөлөп атабыз. Өкүнүчтүү.

Ушундай адамдардын катарына Садыр Жапаров менен Кубанычбек Кадыровду кошсо болот. Тээ Бакиевдин заманында Садыр Жапаров Курсалиевичтин оң колу болуп, “Кумтөр” деп башын оорутпай-этпей эле, аялдарга чабуул жасабастан, кайрадан алардын колуна жумуртка карматып, колдонуп жүргөн чагында, Кадыров оппозицияда жүрүп, ошол бийликтин элдешкис каршылашы жана душманы болуп жүргөн эле. Анан эмне кылсын, оппозицияда жүрүп, депутаттыкка да жетти, азыр өзү жээрип аткан Атамбаевдин да кадыры менен бир топ мансапка жетишти дегендей…

Бирок убакыт өтө берди, Кадыровго кызмат жетпей калды. Борттон ары эмне үчүн ыргытылганын өзү деле билет, олуттуу “косяктары” болгон да, болбой коймок беле. Башында ажону мактады, алданат деп ойлоду. Бирок анын тилеги таш капкан соң, барып “Ата Журттун” үч депутатына кошулуп алыптыр. Эми алар менен кошо бул бийликти жамандап, улам биринен сала бирин маек берип, чыныгы эркекчиликтин белгиси болгон туруктуу позициясы жоктугун, ар кимдин колунда марионетка болгонун өз кыймыл-аракеттери аркылуу ийгиликтүү тастыктап атат.

Ал эми Садыр Жапаров болсо, өзүнүн кылмыш ишинен көңүлдү алагды кылуу максатында “Кумтөр” деп бакырып чыгып, ошону бетке кармап жүрөт. Өзү да түшүнбөйт эмне кылышты, бир улутташтыруу керек дейт, бир денонсация кылыш керек деп эч качан айткан эмесмин дейт, өзүнүн эле жардамчысын тааныбайм деп аны да сатып кетти – кыскасы, ойду-тоону сүйлөп атканынан акыл-эси ордундабы деген ойлор кетет экен.

Сатылбагылачы, мырзалар, чыныгы эркектер андайга барбайт…




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru