Айбат » “Ата Журттун” эрендери куралданып, бийликти басып алмакчы болгондо…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Ата Журттун” эрендери куралданып, бийликти басып алмакчы болгондо…

1

Былтыр 3-октябрда «атажуртчу» депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовдор «Кумтөр» алтын кенине шылтоолоп тынчтык митингин өткөрүшүп, бирок, акырында бийликти күч менен басып алууга аракет кылышканын билебиз.

Камчыбек Ташиев Бишкек шаардык соту тарабынан акталып чыккандан кийинки маалымат жыйынында революция жасоо ниети болбогонун, өз каалоосу менен Ак үйдүн тосмосунан ашып түшкөнүн билдирген. Мамытов болсо, революция кылуу үчүн курал-жарак болушу керектигин айтып, күнөөсүн танган. «3-октябрда биздин колдо курал болгон эмес» дейт ал.

Ал эми Башкы прокуратура болсо Жогорку Сотко жазган сунуштама катында «ата журтчулардын» жардамчылары куралданганын билдирди. Анда жазылгандай, «К.Ташиев менен С.Жапаров 2012-жылдын 3-октябрында «Кумтөр» маселеси боюнча тынч митингин өткөрөбүз деп жарыялашып, өздөрү К.Ташиевдин коомдук жардамчылары Б.Исаев, К.Камчыбеков жана С.Кадырбаевдер менен бийликти күчкө салып тартып алууга даярданышып, ИЛ сериясындагы № 1937 «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча 16 даана патрону менен, «Макаров» үлгүсүндөгү тапанчанын 6 ок салынуучу магазини9 мм40 даана патрону менен, ХН сериясындагы № 0273 «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча 24 даана патрону менен, № 1133903248 калибри9 ммМР-79—9 тм үлгүсүндөгү газ-травматикалык тапанча 10 даана патрону менен, № Н 10132455 калибри 7,62х39 «Сайга МК» аңчылык карабини 60 даана патрону менен, № 01593 калибри9 мм»BLOW compakt» үлгүсүндөгү газ менен атуучу тапанча 5 даана патрону менен, № 0547102301 калибри 10х23т МР-471 үлгүсүндөгү травматикалык тапанча 15 даана патрону менен, № Н10481991 калибри 12мм «Сайга-12К» аңчылык мылтыгы 5 даана патрону менен, № 1038776 сериясындагы калибри 10х28т “GRAND POWER T12” үлгүсүндөгү газ-травматикалык тапанча 13 даана патрону менен жана12 ммкалибрдеги 47 патрон жана 2 даана бычак менен куралданышып, кылмыш жасаганга аракеттенишкен».

Эгерде булардын ою башында пландагандай кеткенде, бийликти курал менен басып алгандан кайра тарпастыгы жогорудагы “тизмеден” эле көрүнүп турбайбы. Эми көрө жатарбыз, Жогорку сот канчалык адилеттүү экенин, же Бишкек шаардык сотундай эле көзгө сайыла көрүнүп турган фактыларды көрмөксөнгө салып коюшабы?



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru