Айбат » Ташиев-Жапаров-Мамытовдор «туздалган бадыраң» сыяктуу «банкенин» ичине жабылып калышаары толук мүмкүн

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ташиев-Жапаров-Мамытовдор «туздалган бадыраң» сыяктуу «банкенин» ичине жабылып калышаары толук мүмкүн

3

Жогорку Соттун адилеттүү чечиминен алдын-ала коркушкан «Ата-Журт» фракциясынын үч депутаты Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант аялзатынын этегине жашынып, догурунуп, көк беттенип, калптын казанын кайнатып жатышып, эркиндикке чыгып алышты.

Алардын соту адегенде Биринчи Май райондук сотунда болуп, бир жылдан 1,5 жылга чейин эркинен ажыратылганын билебиз. Ошондон тарта эле абакта жатып алып, беттин беш терисин катары менен сыйрып коюшуп, «Биз анткен эмеспиз, бийликти басып алалы деген оюбуз да болгон эмес» дешип, жан-алакетке түшүштү.

Алардын соттук процесстерде сүйлөп жаткандарын көрүп туруп, «ушунчалык да каратып туруп калп айткан адамдар болот экен да» деп баштарын чайкап, таңдайларын такылдаткандар болду. Өзгөчө Камчыбек Ташиевдин таптакыр билимсиз экендиги, жок эле дегенде жигитчилик эрки жок экендиги билинди. «Баатыр бир өлөт, коркок миң өлөт» деген макал бекеринен жаралбаганын далилдеди. Кайра-кайра ачкачылык жарыялап, «Мен өлүп калсам баланча жерге көмгүлө» деген керээзин да айтып жибергенге үлгүрдү. Анан кайра «тирилип» «Мен эл үчүн ушул жерде камалып отурам» деген сөзүн тоту кушча кайталагандан тажабады.

Ырасын айтканда, бу Камчыкебиз өзү үчүн жасаган иш-аракеттеринин бардыгын «Эл үчүн жасап атам» деп айткандан тартынбайт экен.Белгилүү эле бир саясатчы «Ташиев түштүктөгү коогалаңда эл үчүн эмес, өзүнүн заправкаларын сактап калыш үчүн тызылдап чуркап жүрдү» деп көмүскө жерден айтканы бар. Эми болсо, эси-дартынын бардыгы президенттик такты болгон Ташиев бийлик үчүн Ак үйдүн тосмосун ашып түшүп алып, «Мен эл үчүн ашып түшкөм» деп оозубузду ачырып келет.

Билишибизге караганда эл үчүн иштегиси келген депутаттар тосмо аркылуу эмес, кадимки эле Ак үйдүн эшиги аркылуу каттап жүрүшөт.Же эл үчүн иштегиси келгендерди Ак үйдүн тосмосунан ашырып сынап көрүш керекпи?

Мындай жол менен сынаганда деле Ташиев жарыбай тургандыгын көрсөттү. Же, күнүнө жумушка келатканда портфелине «запас» үчүн бир шым жана жеңил жаракаттарга сыйпай турган мазь салып алышы керек болот. Болбосо, алаасы жыртылган боюнча парламент отурумунда сөз сүйлөп отурганы жарабастыр. Шымынын алаасы жыртылганча тосмодон ашып түшкөн Ташиев «Мен бийликти басып алайын деген эмесмин, жумушума бараткам» десе, ушуну дени-карды соо адам сүйлөп атканынан да шекшип кетесиң. Айтор кандай болгон күндөБишкек шаардык соту ушунча элди, дүйнө коомчулугун каратып туруп эле үч депутатты, Ташиевдин жансакчыларын кошуп туруп, актап жиберди. Көрсө алар «эч кандай мыйзам бузушпаптыр».

Мындай өкүмдү угушкан үч депутат жана анын жакындары кайрадан төрөлгөндөй болуп сүйүнүштү. Айрымдары «Менин туулган күнүмдө«подарке» кылып шефимди абактан бошотушту» деп келесоо адамдай кудуңдап сүйүндү. Ушинтип сүйлөсөм, шефим менин ага кандай гана берилип иштеп жатканымды түшүнөөр деген кыязда болду окшойт.

Бирок, ырасында үч депутаттын абактан бошотулушуна эң башкысы «аялдар батальону» эмгек сиңиргендей болду. Эч тартынбай, уялбай эле үч депутат аялзатынын этегине жашынып жатышып, эркиндикке чыгышты.

Эркиндикке чыгышаары менен эле дагы бир аялзаты Башкы прокурор Аида Саляновага асыла башташты. Бирок, аял да болсо жогорку маданияттуу, билимдүү жана эрктүү Аида айым бул үч депутаттын катыгын жакшылап бере тургандай болуп калды. «Атажуртчу» үч депутаттын деңгээлине түшүп, опурулган жок. Тек гана мыйзамдын негизинде «туздап» жатат.

Жакын арада, «туздалган бадыраңдар» «банкенин» ичине жабылып калышаары толук мүмкүн. Себеби, «Бийликти басып алыш үчүн колубузда курал-жарак болушу керек болчу» деп догурунушкан Ташиев- Жапаров-Мамытовдордун жаагын жап кылып, Башкы прокуратура алардын ишин кайрадан карап чыгуу боюнча Жогорку Сотко сунуштама кат жөнөтүптүр.

Ал каттын негизинде аттары аталган үч депутаттын Ак үйгө жасаган чабуулдарында куралдын болгондугу тууралуу айтылат. Өткөн жумада болсо аталган үч депутат «Акипресс» агенттигине маалымат жыйынын өткөзөбүз деп жарыялашып, анан жалгыз гана Талант Мамытовду жөнөтүп коюшту. Анда да Талант мырза Башкы прокурордун дарегине бир топ дооматтарды коюп, тымызын «согуш» ачканы билинген.

Кыязы бул «атажуртчу» үч депутат аялзатынан «курал» колдонуп, «согуш» ачса дагы аялзатына ачып көнүп калышкан окшойт. Муну тосмонун шишине «сайылып» калуу жагынан деле тастыктап отурушат. Эгерде нагыз жигит, чыныгы оппозиция лидерлери болушканда аялдардын этегине жамынып эркиндикке чыгып, кайра аялдарга согуш ачышпайт эле.

Эми «атажурчу» үч депутаты актаган өкүм чыгарган соттордун өкүмүнө баам салалы. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 295-беренесинин диспозициясында бийлик Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен күчкө салып тартып алынганда же бийлик күч менен кармалып турганда, ошого тете ушундай эле аракеттер Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн күчкө салып өзгөртүүгөбагытталганда деп көрсөтүлгөн.

Уюштуруучулардын алдын-ала бүтүм боюнча макулдашуу жолу менен курал колдонуунун негизинде жасалган аракеттер деген атайын белгиси көрсөтүлгөн эмес. Ушуну билип туруп Сот негизсиз Кыргыз Республикасынын КЖКнин 295-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын жок белгилерин өкүмгө жазып түшүндурмө (трактовка) беришкен.

Мунун өзү дагы чоң катачылык болуп эсептелет. Ошол эле учурда 295-беренеде алдын-ала макулдашуу белгиси жок болсо дагы, аттары аталган үч депутаттын бийликти басып алууга жасаган аракеттеринен алдын-ала сүйлөшүп алгандары көрүнүп турат.

Ошондой эле ошол 3-октябрь күнү Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытов темир тосмодон секирип өтүп жаткан маалда аларга каршылык кылган УКМКнын жана ИИМ кызматкерлеринин денелерине таш, цементтин сыныктары ийгендиги далилденген. Эмнегедир Бишкек шаардык соту ушул жагдайларга олуттуу көңүл бурган эмес.

Ошол эле учурда 295-беренеде бийликти тартып алуу, бийликти күчкө салып кармап туру жана ошого тете ушундай эле аракеттерди жасоо деп көрсөтүлөт. Ушул көрүнүштөрдүн бирөөсү эле жасалса, демек ал жаран аталган берене боюнча кылмыш жасаган болуп саналат.

Туура, үч депутат бийликти басып алышкан жок, күч менен кармап тура алышпады, бирок ушуларга тете эле аракеттерди жасашканын дүйнө коомчулугу көрбөдүбү? Демек, алардын аракети 295-беренеге абдан ылайыктуу болуп жатканы калппы?

Мындан башка дагы Башкы прокуратура үч депутаттын жана Ташиевдин жансакчыларынын күнөөлөрүн далилдеген фактыларды олуттуу негизде көргөзгөн. Андыктан жер-жерлерде эл менен жолугушуу уюштуруп жүргөн депутаттар Жогорку Соттун чечими адилеттүү, мыйзамдуу болуп кетишинен коркушуп, дагы-да «аялдар батальонун» күчтөп жатышкандыгы тууралуу айтышууда.

Ошол эле учурда аялзаты Аида Салянованын дарегине опурулма сөздөрүн дагы токтотуша элек.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru