Айбат » Нарындын башчылыгын ким алат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Нарындын башчылыгын ким алат?

Учурунда «чо-оң пиарщик» каймана атына татыган Нарындын губернатору Канатбек Муратбеков мырза  өзүнүн бизнесте колдонуп жүргөн пиар ыкмаларын колдонуу менен Нарындын элин өзүнө жакындатып алганын ким гана билбейт. Облуста өнүктүрүү фондусун түзө калып, Бишкек-Торугарт жолунан түшкөн, сырттагы Нарындык аткаминерлерден келген каражатка “мыкты айыл өкмөт, мыкты бала-бакча, мыкты мектеп” деп өзүнүн атынан белектерин тапшыруусу менен өзүнүн гана кызыкчылыгында, өзүнүн жеке атын чыгарып келди. Эсибизге салсак, бир май мурун өкмөт кыйнап арыз жаздырган десе, өкмөтү болсо арызын жакындан көрө элекпиз деп ортодо көптөгөн түшүнбөстүктөрдү жаратып келишти. Ортодо карапайым элди курал кылып, эшике чыгара салып, убактылуу ордун сактап калганга дагы жетишти.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Нарындын башчылыгын талашкан тараптар көбөйүптүр. Айтор , Нарындан шайланып келген Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков өзүнүн жардамчысы Абай Таштанбеков дегенди дайындап жатса, “Дордой” базарынын негиздөөчүсү, учурунда 7 жыл Нарында губернатор кызматын аркалап, бири тескери карап турса, бири түшүнүксүз эч мааниси жок 2 эстелик тургузуп кеткен Аскар Салымбеков өзүнүн кол баласы, “Дордой” базаранынын директору Аманбай Кайыповду таптап жаткан кези экен.  Ак-үй, көк-үйүнө киришип, жакында Нарынга башчы дайындалат имиш.  Ал эми азыркы губернатор Өкмөт менен талашуудан сүйлөшүүгө өтүп, жакынкы аралыкта  Нарын дарыясына ГЭС кура турган РусГидрого Кыргызстан тараптан генаралдык директорлукка келет экен. Кимиси болсо дагы тоолу аймактуу, шарты татаал, кышы ызгаар, бардык региондордун ичинен жакырчылык менен жумушсуздук күч алган Нарын жергесине базаркомдор менен бизнесмендерден сырткары, чыныгы мамлекеттик жетекчилер дайындалса жакшы болбойт беле?! Баш чайкагандан башка эмне кыла аласың?! Ушунакай “табак”  бөлүштүрүү болуп жатса…

нарын



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru